Дастан Бекешов Теңгиз Бөлтүрүктүн 55 миң доллар айлыгын сынга алды

Дастан Бекешов Теңгиз Бөлтүрүктүн 55 миң доллар айлыгын сынга алды

Дастан Бекешев "Кумтор Голд Компани" компаниясынын мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн айлык маянасын жана "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингин сынга алды.

Анын айтымында, 55 миң доллар өлчөмүндөгү айлык Бөлтүрүк үчүн нормалдуу болушу мүмкүн, бирок Кыргызстан үчүн бул "өтө жогору" сумма болуп саналат. "Менимче, мындай айлыкты башка ири компаниялардын же ири банктардын жетекчилери алышпайт", — деди депутат.
Ал ошондой эле Улуу көчмөндөр мурасы холдингинин түзүлүшүн да сынга алды. Дастан Бекешевдин пикири боюнча, бул түзүм иш жүзүндө жоопкерчиликсиз каражаттар чыгып кеткен "тешикке" айланган.

"Жалпысынан ал өлкөгө кереги жок", — деп белгиледи депутат.

"Улуу көчмөндөр мурасы" холдинги 2021-жылы Кумтор Голд Компани мамлекеттин көзөмөлүнө өткөндөн кийин түзүлгөн. Бул түзүм мамлекеттик активдерди башкаруу жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн түзүлгөн.

Холдингди Теңгиз Бөлтүрүк жетектеген, ал ошондой эле "Кумтор Голд Компани"нин тышкы башкаруусун да жүргүзгөн.

Бирок холдингдин ишмердүүлүгү көп жолу чыгымдардын ачык эмес болушу, жетекчиликтин жогорку айлыгы жана олуттуу жыйынтыктардын жоктугу үчүн сынга алынган. Бөлтүрүк кармалгандан кийин түзүмдүн иши дээрлик токтоп, каражаттын бир бөлүгү бюджетке кайтарылган.

Мындан тышкары окуңуз

Автоунаа алуу үчүн 4% жана 8% менен жеңилдетилген насыялар сунушталууда

Автоунаа алуу үчүн 4% жана 8% менен жеңилдетилген насыялар сунушталууда

Кыргызстанда жаңы автоунааларды сатып алуу үчүн жеңилдетилген автокредит программалары ишке кирди. Эми жарандар унааны жылдык 8% менен, ал эми мамлекеттик жана бюджеттик сектордун кызматкерлери 4% менен ала алышат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. "Жеңил" программасы мамлекеттик колдоо менен ишке ашырылып, бюджеттик тармакта иштегендерге арналган. Анын алкагында

Жумгалда 2,35 гектар жер мыйзамсыз берилгени аныкталды

Жумгалда 2,35 гектар жер мыйзамсыз берилгени аныкталды

Нарын облусунун Жумгал райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Чаек айыл өкмөтүндө жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, 2022–2023-жылдары айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары жарандардын арыздарысыз жана белгиленген кезектүүлүктү сактабастан, калктуу конуштар аймагындагы жалпы аянты 2,35 гектар жерди мыйзамсыз түрдө жеке менчикке

Ч.Турсунбеков атындагы сыйлыктын баш байгеси 200 миң экени айтылды

Ч.Турсунбеков атындагы сыйлыктын баш байгеси 200 миң экени айтылды

Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка чыгармалар кабыл алына баштаганын Жазуучулар союзунан билдиришти. Анда белгиленгендей, чыгармалар 20-марттан 20-майга чейин кабыл алынат. Конкурска 18 жаштан 45 жашка чейинки (45 жаш кошулат) акындар катыша алышат. Баш байге ээсине 200 миң сом акчалай сыйлык жана Ч. Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты баральефи ыйгарылат.  Ал

Пентагон АКШ Конгрессинен Иран менен болгон согушту каржылоого 200 млрд доллар  сурады

Пентагон АКШ Конгрессинен Иран менен болгон согушту каржылоого 200 млрд доллар сурады

Пентагон Ак үй аркылуу АКШ Конгрессине Иран менен болгон согушту каржылоо үчүн 200 млрд доллардан ашык каражат сураган кайрылуу жөнөткөнүн The Washington Post жазды. Басылманын булактарынын маалыматына караганда, бул сумма буга чейин аскердик кампанияга сарпталган каражаттан кыйла жогору. Каражат негизинен Иранга каршы соккулар учурунда колдонулуп кеткен негизги курал-жарактарды тез арада