"Эл Аман" мамлекеттик дарыканалары 1 млрд 671 млн сомдук дары сатты

"Эл Аман" мамлекеттик дарыканалары 1 млрд 671 млн сомдук дары сатты

“Эл Аман” мамлекеттик дарыканалары ачылгандан бери 1 млрд 671 млн 459 миң сомго дары сатканын “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларынын жетекчиси Рысбек Акынбеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Маалымдалгандай, анын ичинен 185 млн 947 миң сом мамлекетке салык төлөгөн.

“Кыргызстан боюнча бүгүнкү күндө 72 “Эл Аман” мамлекеттик дарыканалары бар. Анын ичинен Бишкек шаарында 16 дарыкана, Чүй облусунда 9, Ысык-Көл облусунда 5, Талас облусунда 6, Нарын облусунда 3, Баткен облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 15, Ош облусунда 13 жана Ош шаарынын өзүндө 3 дарыкана бар. Быйыл дагы жаңы дарыканаларды ачуу планыбызда бар.
Учурда 45 фармацевтикалык компания дистрибьютор менен иштейбиз. Биздин дарыканаларда жеке менчик дарыканаларга салыштырганда 10-15%га дарылар арзан”,- деди Акынбеков.

Эскерте кетсек, "Эл Аман" мамлекеттик дарыканалары калкты арзан баадагы дары-дармек камсыздоо максатында 2 жыл мурда түзүлүп, иштеп баштаган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 3 млн сом алдап кеткен жаран кармалды

Бишкекте 3 млн сом алдап кеткен жаран кармалды

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү 1988-жылы туулган З.П. аттуу жаранды аныктап, кармашты. Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Ж.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2025-жылдын 1-октябрында Гагарин көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайда шектүү ишенимге кирип, Токмок шаарынан кант

Москва районунда 579 сомдук  мыйзамсыз күйүүчү май аныкталды

Москва районунда 579 сомдук мыйзамсыз күйүүчү май аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө Чүй облусунун Москва районунда бензинди мыйзамсыз сатуу фактысын аныктаганы мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Садовое айылындагы май куюучу жайлардын биринде күйүүчү май милдеттүү молекулярдык маркерлерсиз сатылып жатканы аныкталган. "Мыйзам бузуу атайын анализатордун жардамы менен аныкталды, ал күйүүчү майдын курамында маркер жок экенин

Өлкөдө эскирген аялдамалар жаңыртылат

Өлкөдө эскирген аялдамалар жаңыртылат

Өлкө боюнча эскилиги жеткен бардык аялдамалар этап-этабы менен жаңыланарын транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, көптөгөн аялдамалар эскирип бүткөн, ал тургай айрымдары Союз мезгилинде курулган бойдон турат. "Конструкциялары эскирип, жарандарга коопсуз жана ыңгайлуу шартты камсыздай албайт. Мындан улам республика аймагындагы эскирген аялдамаларды этап-этабы

Россияда банкрот болгондордун саны өсүшү мүмкүн

Россияда банкрот болгондордун саны өсүшү мүмкүн

Россияда 2026-жылы жеке адамдардын банкротко учурашы көбөйүшү мүмкүн. Мындай божомолду экономика илимдеринин кандидаты, Инго Банктын аналитика боюнча директору Василий Кутьин «Газете.Ru» басылмасына билдирген. Серепчинин айтымында, банкроттуктун өсүшүнө бир нече фактор таасир этүүдө. "Алардын катарына калктын карыз жүгүнүн жогорулашы, айрым жарандардын алган насыяларын төлөй албай калышы жана ипотекалык турак