Кыргызстанда орточо айлык 45 797 сомду түздү
2026-жылдын январь айында Кыргызстанда бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 45 797 сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,1%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына таюнуу менен билдирди.
Керектөө бааларынын индексин эске алганда, реалдуу эмгек акы 6,3%га көбөйгөн.
Маалыматка ылайык, айлык акынын өсүшү экономиканын бардык тармактарында байкалган.
Эң жогорку өсүш төмөнкү тармактарда катталды:
- административдик жана көмөкчү ишмердик — 49,4%;
- саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө — 35,8%;
- электр энергиясы, газ жана буу менен камсыздоо — 30,5%;
- кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик — 27,8%;
- айыл чарба, токой чарбасы жана балык уулоо — 25,3%;
- кыймылсыз мүлк операциялары — 23,1%.
Жалпысынан, эмгек акынын өсүшү бардык тармактарда байкалууда, - деп айтылат маалыматта.