Кыргызстандан Кытайга 25 тонна жүгөрү экспорттолду

Кыргызстандан Кытайга 25 тонна жүгөрү экспорттолду

Кыргызстандан Кытай Эл Республикасына жүгөрү экспорттоо башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти маалымдады.

2026-жылдын 16-мартында жүгөрүнүн алгачкы партиясы экспортко жөнөтүлдү. Анын көлөмү 25 тоннаны түздү. Экспорттоочу — "Зиябидин Ата" дыйкан чарбасы.

Жүгөрү экспортунун башталышы 2022-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кол коюлган фитосанитардык талаптар боюнча протоколдун алкагында ишке ашты. Документ айыл чарба продукциясын экспорттоого укуктук негиз түзөт жана эл аралык талаптардын сакталышын камсыздайт.

Учурда Кытайга жүгөрү экспорттоо укугуна эки ата мекендик ишкана ээ.

Департамент мындан ары да өндүрүүчүлөрдү колдоону жана кыргыз айыл чарба продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантарын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте муниципалдык ижараны эми онлайн башкарууга болот

Бишкекте муниципалдык ижараны эми онлайн башкарууга болот

Бишкек шаарынын "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде жаңы "Муниципалдык менчик ижарасы" функциясы ишке киргизилгенин билдирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Жаңы функция ижарачылар үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылып, мекемелерге баруу жана кагаз документтерди толтуруу зарылдыгын жоёт. Бул өз кезегинде убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк

Эки айда кызмат көрсөтүү тармагы 107,1% өсүштү камсыздады

Эки айда кызмат көрсөтүү тармагы 107,1% өсүштү камсыздады

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда социалдык-экономикалык өнүгүү туруктуу өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына таюнуу менен билдирди. Маалыматка ылайык, кызмат көрсөтүү тармагы ИДПнын түзүмүндө дээрлик 50% үлүштү ээлеп, экономиканын негизги кыймылдаткычы бойдон калууда. Бул тармак экономикалык өсүшкө 4,82%дык

2025-жылдын IV чейрегинде төлөм системаларында 95 мүчүлүштүк катталган

2025-жылдын IV чейрегинде төлөм системаларында 95 мүчүлүштүк катталган

Кыргызстанда 2025-жылдын төртүнчү чейрегинде төлөм системаларынын ишинде 95 штаттан тышкаркы жагдай катталган. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын талдоосунда айтылат. Маалыматка ылайык, мындай үзгүлтүккө учуроонун негизги себептери ар түрдүү болгон. Анын ичинен кызмат көрсөтүүчүлөргө байланышкан көйгөйлөр 42,11%ды түзсө, электр энергиясынын өчүшү 35,79% түзгөн. Аппараттык-программалык жабдуулардагы мүчүлүштүктөр 16,84%

Камчыбек Ташиев кылмыш иши боюнча күбө катары суралууда

Камчыбек Ташиев кылмыш иши боюнча күбө катары суралууда

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кылмыш иштери боюнча күбө катары сурак берип жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине таянып, “Кабар” агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин УКМКнын айрым мурдагы кызматкерлерине карата кылмыш иштери козголуп, алар камакка алынган. Эске салсак, Камчыбек Ташиев 10-февралда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы кызматынан