Салык кызматы ORIS маркасындагы мыйзамсыз тамекилерди аныктады

Салык кызматы ORIS маркасындагы мыйзамсыз тамекилерди аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык көзөмөл жүргүзүү учурунда Чоң-Капка өткөрмө пунктунда акциздик маркасы жок тамеки продукциясын мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныкташты.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бир автоунаа токтотулуп, аны кароодо жүк бөлүгүндөгү жашыруун жайдан "Орис" маркасындагы 950 блок тамеки (9 500 пачка) акциздик маркасы жана коштоочу документтери жок табылган.
Бул факт боюнча материалдар жана алынган товарлар укуктук баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Салык кызматында эскертишкендей, акциздик маркасы жок тамеки жана алкоголдук продукцияларды сатуу жана ташуу салык мыйзамдарын одоно бузуу болуп эсептелет. Акциздик товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоо иштери өлкө боюнча туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Быйылкы жылдан тарта 773 айылда  ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлөт

Быйылкы жылдан тарта 773 айылда ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлөт

Суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу өнүктүрүү департаменти 2026-жылдан баштап республика боюнча 773 айылда суу менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашырыларын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда: * 120 айылда курулуш-монтаж иштери жүрүп жатат; * 27 айыл боюнча тендердик процедуралар өткөрүлүүдө; * 229 айыл үчүн долбоордук-сметалык документация даярдалууда; * 219 айыл боюнча долбоорлоо

Ала-Арча" резиденциясынан 10 гектар жерди мектеп, бала бакча жана медициналык борбор үчүн бөлүндү

Ала-Арча" резиденциясынан 10 гектар жерди мектеп, бала бакча жана медициналык борбор үчүн бөлүндү

2026-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш президенттин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жана экс-президенттин макамы тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзам долбоору “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагындагы жерлерди бөлүүгө карата учурдагы тыюуну алып салууну карайт — бул жерлер мамлекеттин социалдык муктаждыктары үчүн керек болгондо колдонулат. Мыйзам долбооруна тиркелген түшүндүрмөдө айтылгандай, демилге

Кудайбергендеги бузулган 600 гараждын ордуна мектеп курулуп жатат

Кудайбергендеги бузулган 600 гараждын ордуна мектеп курулуп жатат

Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде эки кабаттуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатканын Курулуш министрлиги билдирди. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып жатат. Имарат 5 блоктон турат. Жалпы аянты 3680 чарчы метрди түзөт. Мектепте окуу класстары, устаканалар, компьютердик класс, актовый зал, ашкана жана спорт залы каралган. Мындан тышкары, аймакта футбол жана

Альпинист Наталья Наговицинаны издөө операциясына 2 млн доллар керек

Альпинист Наталья Наговицинаны издөө операциясына 2 млн доллар керек

Жеңиш чокусунда калып калган альпинист тууралуу издөө иштерин Россиянын альпинизм федерациясы 2 миллион доллардан жогору баалады. Кыргызстандын тоолорунда жоголгон альпинист Наталья Наговицинаны издөө операциясы 2 млн доллардан ашык каражатты талап кылганын федерациянын вице-президенти Александр Пятницин билдирди. Эске салсак, Наталья Наговицина Жеңиш чокусуна чыккан соң, деңиз деңгээлинен болжол менен 7,2