Суу сактагычтардагы балыктарды көбөйтүү кандай жүрүп жатат?

Суу сактагычтардагы балыктарды көбөйтүү кандай жүрүп жатат?

Жогорку Кеңештин 2026-жылдын 18-мартындагы жыйынында депутат Болотбек Борбиев Токтогул суу сактагычында кытай синтетикалык балык уулоочу торлордун салынышы, ошондой эле суу сактагычтагы балыктарды көбөйтүү маселеси көтөргөн. Бул боюнча Балык өнөр жайы комплекси департаменти жооп берди.

Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы №636 “Айрым суу сактагычтарда киреше табуу үчүн, массалык түрдө балык кармоого мораторий киргизүү жөнүндө” токтому чыккан.

Аталган токтомдун 1-пунктуна ылайык, Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан 2026-жылдын октябрь айында төмөнкү суу сактагычтарды орточо салмагы 25 грамм карп-сазан балыгынын чабактары менен балыктандыруу иш-чаралары пландалып жатат:
Токтогул суу сактагычына — 150 000 даана;
Киров суу сактагычына — 100 000 даана;
Базар-Коргон суу сактагычына — 10 000 даана;
Шамалды-Сай суу сактагычына — 5 000 даана;
Таш-Көмүр суу сактагычына — 5 000 даана

Мындан тышкары, токтомдун 3 жана 4-пункттарына ылайык, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Ички иштер министрлиги тарабынан Токтогул, Базар-Коргон, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон жана Киров суу сактагычтарында мыйзамсыз балык уулоону жана браконьерликти алдын алуу максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI жана Binance экосистемалары Кыргызстанда KGST стейблкоинин колдонуу менен төлөм сервистеринин интеграциясын ишке киргизгенин жарыялайт

BAKAI жана Binance экосистемалары Кыргызстанда KGST стейблкоинин колдонуу менен төлөм сервистеринин интеграциясын ишке киргизгенин жарыялайт

Соода көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң ири криптовалюта биржасы жана алдыңкы глобалдык блокчейн-экосистема болгон Binance, ошондой эле Bakai экосистемасы Binance Pay жана Bakai Pay кызматынын ишке киргизилгенин жарыялашты. Бул чечим өлкө боюнча товарлар жана кызматтар үчүн сомго байланган KGST стейблкоининин жардамы менен төлөм жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул кызмат Binance Pay инфраструктурасын

Дастан Бекешов Теңгиз Бөлтүрүктүн 55 миң доллар айлыгын сынга алды

Дастан Бекешов Теңгиз Бөлтүрүктүн 55 миң доллар айлыгын сынга алды

Дастан Бекешев "Кумтор Голд Компани" компаниясынын мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн айлык маянасын жана "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингин сынга алды. Анын айтымында, 55 миң доллар өлчөмүндөгү айлык Бөлтүрүк үчүн нормалдуу болушу мүмкүн, бирок Кыргызстан үчүн бул "өтө жогору" сумма болуп саналат. "Менимче, мындай айлыкты

Суусамыр – Талас – Тараз жолунда курулуш кызуу жүрүүдө

Суусамыр – Талас – Тараз жолунда курулуш кызуу жүрүүдө

Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун IV фазасын реконструкциялоо иштери тынымсыз уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда жол жээгин тегиздөө жана кеңейтүү, суу түтүктөрүн жылдыруу, бетон электр мамычаларын демонтаждоо, ошондой эле көпүрөлөрдү куруу иштери жүрүп жатат. Курулушка 147ден ашык атайын техника тартылып, 229 жумушчу иш алып

Бишкекте 3 млн сом алдап кеткен жаран кармалды

Бишкекте 3 млн сом алдап кеткен жаран кармалды

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү 1988-жылы туулган З.П. аттуу жаранды аныктап, кармашты. Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Ж.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2025-жылдын 1-октябрында Гагарин көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайда шектүү ишенимге кирип, Токмок шаарынан кант