2025-жылы Кыргызстанда бир уйдан орточо 2114 кг сүт саалды
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, республикада мал чарбачылыгында оң динамика байкалууда. Бир уйдан орточо саалган сүт 2024-жылы 2063 кг болсо, 2025-жылы 2114 кгга жетип, өсүү темпи 2%ды түздү.
Эң жогорку натыйжаларды Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун чарбалары көрсөттү — тиешелүүлүгүнө жараша 3339 кг жана 3203 кг.
Ошол эле учурда эң төмөн көрсөткүчтөр түштүк жана бийик тоолуу аймактарда катталган: Баткен облусунда орточо саалган сүт 1540 кг, ал эми Нарын облусунда 1611 кг түзгөн.