Нарында 3306 гектар сугат жери өздөштүрүлөт – С.Жапаров

Нарында 3306 гектар сугат жери өздөштүрүлөт – С.Жапаров

Соңку беш жылда Нарында ирригация тармагында 3 млрд сомго жакын иштер аткарылганын президент Садыр Жапаров бүгүн Нарын шаарында өтүп жаткан Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Өлкө башчысы белгилегендей, Нарын тоолуу өрөөн, кокту сайын суу түшкөн аймак болгону менен, облуста сугат суу менен камсыздоодо дагы көйгөйлөр болуп келген. Мындан улам сугат сууга байланышкан бир катар иштер жасалды.


"Бул жаатта соңку беш жылда ирригация тармагында 3 млрд сомго жакын иштер аткарылды. Анын алкагында каналдар оңдоп-түзөлүп, бетондолду. Ошондой эле гидротехникалык станциялар, гидропосттор, насостук станциялар ремонттолду. Жумгалдагы Түгөл-Сай суу сактагычы менен Кочкордогу Шамшы БДРин быйыл ишке берели деп турабыз. Мунун натыйжасында 4 294 гектар жерге сугат суусун берүү жакшырат, ал эми 3306 гектар жаңы сугат жери өздөштүрүлөт", - деди президент.

Мындан тышкары окуңуз

Нарындагы ипотекалык үйлөр жакында курулуп бүтөт

Нарындагы ипотекалык үйлөр жакында курулуп бүтөт

Нарын облусунда салынып жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулушу жакында аяктарын Нооруз майрамында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна 2 млрд сомго жакын акча каражаты топтолуп, түшкөн каражаттар аймакты өнүктүрүүгө, анын ичинде Нарын облусунда бир катар социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорго багытталууда.

Нарын 2025-жылы 157 952 турист келип, туризмден түшкөн киреше 147 сом болгон

Нарын 2025-жылы 157 952 турист келип, туризмден түшкөн киреше 147 сом болгон

2021-2025-жылдар аралыгында Нарын облусунда туристтердин агымынын туруктуу өсүшү, кирешенин көбөйүшү жана инфраструктуранын өнүгүшү байкалууда. Нарындагы Нооруз майрамында белгиленгендей, 2025-жылы аймак рекорддук көрсөткүчтөргө жетти. Облус аймагына 157 миң 952 турист келсе, анын ичинен 43 миң 202си чет элдиктер. Туризм тармагынан түшкөн киреше 147 млн сомдон ашты. Негизги багыттар экотуризм жана ички

Кумтөрдүн дүң кирешесинин 0,6%ы Нарынды өнүктүрүүгө багытталып жатат – Садыр Жапаров

Кумтөрдүн дүң кирешесинин 0,6%ы Нарынды өнүктүрүүгө багытталып жатат – Садыр Жапаров

Кумтөрдүн дүң кирешесинен 0,6 пайызы “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна түшүп жатканын Нарында өтүп жаткан Нооруз майрамында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди. Президенттин айтымында, 2022-жылдан баштап өлкө экономикасынын маанилүү булагы болгон Кумтөр алтын кенинин дүң кирешесинен 0,6%ы облустун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна түшө баштады. “Бүгүнкү күнгө чейин

Нарын облусунда 259 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Нарын облусунда 259 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Нарын облусунда 259 чакырым жолдоруна асфальт төшөлгөнүн Нарын жергесинде өтүп жаткан Нооруз майрамында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, соңку беш жылда 50дөн ашык социалдык обьектилер пайдаланууга берилип, жолдор оңдолууда.  “Нарында 5 жылда 259 чакырым жолго асфальт төшөлсө, анын 135 чакырымы былтыркы жылы басылды.  Мунун