Кыргызстанда эң маанилүү эки ири долбоор ишке ашып жатат – А.Касымалиев
Кыргызстанда азыр бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жаткаын МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев "Мир" телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу ишке ашууда. Бул долбоор бир гана Кыргызстан үчүн эмес, бүтүндөй аймак үчүн маанилүү. Бул Чыгыш менен Батышты байланыштырууга жол ачат.
"Темир жол жүк ташуунун аралыгын кыскартып, товарлардын жетүү мөөнөтүн болжол менен бир жумага ылдамдатат. Азыркы заманда бул өтө чоң мааниге ээ. Долбоордун жалпы баасы 4,7 млрд долларды түзөт: анын 50%ын Кытай каржылайт, ал эми Кыргызстан менен Өзбекстан ар бири 24,5%дан катышат. Жалпы узундугу 305 км болот, анын ичинде 50гө жакын көпүрө жана 29 туннель курулат. Кыргызстан өз аймагында курулуш иштерин активдүү жүргүзүүдө — миңдеген жумушчулар жана техникалар тартылган. Долбоорду 2030-жылга чейин бүтүрүү пландалууда", - деп белгиледи ал.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев Кыргызстанда экинчи ири долбоор — Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу экенин айтып өттү.
"Бул долбоорго Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан катышууда. Ал аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ: келечекте сууну топтоп, вегетация мезгилинде коңшу өлкөлөргө да берүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Долбоор боюнча эл аралык каржы уюмдары менен макулдашуулар бар жана каржылоо булактары аныкталган", - деп белгиледи минкаб жетекчиси.