Пермь крайына Кыргызстандан 20,7 тонна жаңы сабиз жеткирилди

Пермь крайына Кыргызстандан 20,7 тонна жаңы сабиз жеткирилди

Россия Федеральдык ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын башкармалыгы Пермь крайына Кыргызстандан салмагы 20,7 тонна болгон жаңы сабиздин биринчи партиясынын киргизилишин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу ведомство маалымдады.

Алардын маалыматына ылайык, өткөн жылдын ушул эле мезгилинде мындай продукция аймакка келген эмес.

"Башкармалыктын кызматкерлери Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Бүткүл россиялык илимий-изилдөө институтуна караштуу Федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинин Пермь филиалынын адистери менен биргеликте товарды коштогон документтерди текшерип, үлгүлөрдү алышты. Аталган продукцияда фитосанитардык сертификат бар болгон. Фитосанитардык көзөмөлдүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган жок, продукциядан карантиндик организмдер табылган жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Таласка келген дарыгерлердин акысыз кароосу, узун кезек жана убараланган элдин үнү

Таласка келген дарыгерлердин акысыз кароосу, узун кезек жана убараланган элдин үнү

Бүгүн, 22-мартта Талас областтык ооруканасында “Алтын Альянс” ишканасынын финансылык колдоосунун негизинде Бишкек шаарынан белгилүү хирург, лор, уролог, гинеколог, маммолог жана кардиолог дарыгерлери келишип, акысыз кабыл алышы пландалган. Ага ылайык УЗИ, ЭХО, ЭКГ жана башка дартты аныктоо жолдору жергиликтүү калк үчүн акысыз жүргүзүлмөкчү. “Ишкер медианын” катталуучуларынын билдирүүсүнө караганда, кесипкөй дарыгерлер 1

Кыргызстан менен Индия энергетика тармагындагы кызматташууну талкуулады

Кыргызстан менен Индия энергетика тармагындагы кызматташууну талкуулады

Bharat Electricity Summit 2026 алкагында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Индиянын энергетика министри Манохар Лал мырза менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда тараптар кыргыз-индия мамилелеринин достук мүнөзүн белгилеп, энергетика тармагындагы кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Министрлер эки өлкөнүн энергетика секторунун өнүгүшү боюнча пикир алышып, кайра жаралуучу энергия булактары,

Ысык-Көл облусунда быйыл шамал электр станциясы курулуп баштайт

Ысык-Көл облусунда быйыл шамал электр станциясы курулуп баштайт

Ысык-Көл облусунда Россиянын "Росатом" корпорациясы менен биргеликте курула турган шамал электр станциясынын биринчи этабы быйыл башталарын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Мир" телеканалына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, бул стратегиялык долбоор боюнча даярдык иштери 2024-жылдан бери жүргүзүлүп келет. "Быйылкы жылы долбоордун каржылык бөлүгү толугу менен

Кыргызстанда эң маанилүү эки ири долбоор ишке ашып жатат – А.Касымалиев

Кыргызстанда эң маанилүү эки ири долбоор ишке ашып жатат – А.Касымалиев

Кыргызстанда азыр бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жаткаын МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев "Мир" телеканалына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу ишке ашууда. Бул долбоор бир гана Кыргызстан үчүн эмес, бүтүндөй аймак үчүн маанилүү. Бул Чыгыш менен Батышты байланыштырууга жол ачат. "