Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады
Быйыл январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө туруктуу өсүш динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди.
Отчеттук мезгилде азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 0,4%га жогорулап, инфляцияга 0,12%дык пункт өлчөмүндө салым кошту. Айрыкча, кийим-кече жана бут кийим 1,2%га, ал эми үй-тиричилик буюмдары жана техника 2,0%га кымбаттаганы байкалган.
Ошол эле учурда турак жай-коммуналдык кызматтардын (суу, электр энергиясы, газ жана башка отун түрлөрү) баасы 1,1%га төмөндөп, жалпы инфляциянын деңгээлин 0,12%дык пунктка азайтты. Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу заттардын баасы 1,9%га төмөндөгөн. Анын ичинде бензин 2,1%га, дизель отуну 1,5%га арзандаган.
Баалардын төмөндөшү негизинен 2025-жылдын декабрь айынын аягында россиялык нефть кайра иштетүү заводдору тарабынан сунушталган сезондук арзандатуулар менен байланыштуу. Натыйжада айрым күйүүчү май куюучу станцияларда баалар 1 сомго чейин жана андан жогору деңгээлде төмөндөгөнү байкалган.