Декларация тапшыруу менен бирге социалдык чегерүүгө ээ болуңуз

Декларация тапшыруу менен бирге социалдык чегерүүгө ээ болуңуз

Кыргызстанда жарандар салык декларациясын тапшыруу менен бирге социалдык жана мүлктүк чегерүүлөрдү кайтарып алууга мүмкүнчүлүк алышат. Салык төлөөчүнүн же анын багуусундагы 24 жашка чейинки уулуңуз же кызыңыздын билим алышы үчүн каражат жумшап жатсаңыз, жыл сайын төлөп жаткан сумманын 10% чейинки суммасын кайтарып алууга укугуңуз бар. Ошондой эле турак жай сатып алуу үчүн насыя төлөгөндө мүлктү чегерип алууга болот.

КРда уюмдар жана мамлекеттик кызматкерлер 1-апрелге чейин, ал эми жеке жактар менен ишкерлер 1-майга чейин декларация тапшырууга тийиш. Декларацияда киреше-чыгашалар, экономикалык ишмердүүлүк, мүлк жана башка тууралуу маалыматтан сырткары, тийиштүү салыктык чегерүүлөрдүн пайызын кайтарып алууга болоорун билчи белеңиз? “Ишкер медиа” Мамлекеттик салык кызматынан алган маалыматка көңүлүңүздү бурат.

☝🏻
Социалдык чегерүү деген эмне? Социалдык чегерүү – салык төлөөчүнүн же анын багуусундагы 24 жашка чейинки адамдардын билим алуусуна кеткен чыгымдардын суммасына салык салынуучу базаны азайтуу.

Социалдык чегерүүнүн максималдуу суммасы салыктык базанын 10 % ашпашы керек. Эгер салык төлөөчүнүн багуусунда үч же андан көп адам болсо, 25 % чейин болот.

Кандай билим үчүн социалдык чегерүү алууга болот?

Мектепке чейинки, мектептеги - башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим алуу үчүн окуу керек. Эгерде багуудагы адам кошумча сабактарга жана/же ийримдерге катышса, социалдык чегерүү каралбайт. Анткени балдар үчүн кошумча билим берүү формалдуу эмес билим берүү болуп саналат жана ал эркин тандоого негизделет.

Социалдык чегерүү үчүн кандай документтер керектелет?

Бирдиктүү салык декларациясын берген учурда, эгер маалыматтарды ведомстволор аралык алмашуу болбосо, салык төлөөчү катталган жери боюнча салык органына төмөнкү документтерди берет:

Документтер топтому:

· арыз;

· билим берүү мекемеси менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;

· төлөм документтери;

· туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

· салык төлөөчүнүн жана жубайынын паспорту;

· нике же ажырашуу күбөлүгү;

· иштеген жеринен маалымкат (салык төлөөчүнүн жана жубайынын);

· үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат;

· чет элдиктер үчүн – кайрылман статусу же жашоого уруксат жөнүндө документтер керектелет.

Окуу үчүн чегерүүнү эки ата-эне тең ала алабы ?

Бир гана салык төлөөчү окуу үчүн чегерүүнү ала алат.

☝🏻
Мүлктүк чыгарып салуу/чегерүү деген эмне? Бул турак жай сатып алууда же курууда насыя, ипотека, үй насыясы, исламдык каржылоо же ижара келишими боюнча төлөнгөн пайыздардын суммасына салык салынуучу базанын азайышы.

Мүлктүк чегерүүнүн максималдуу суммасы жылына - 2300 эсептик көрсөткүчтөн ашык болбойт. Эгерде үйдүн акчасын башка адам төлөсө жана ал жакын тууган болбосо, мүлктүк чегерүүнү ала албайт. Социалдык же мүлктүк чегерүүгө кайрылыш үчүн салык органына арыз жана тастыктоочу документтер менен бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу талап кылынат.

Мүлктү чегерүү үчүн кандай документтер керек?

Бирдиктүү салык декларациясын берген учурда, эгер маалыматтарды ведомстволор аралык алмашуу болбосо, салык төлөөчү катталган жери боюнча салык органына төмөнкү документтерди берет:

Документтер топтому:

· арыз;

· паспорт;

· ипотека/үй насыясы/ислам каржылоосу/ижара келишими;

· төлөм документтери;

· банктан насыя жана пайыз тууралуу маалымкат;

· тийиштүү жыл үчүн иштеген жеринен маалымкат;

· чет элдиктер үчүн – кайрылман статусу же жашоого уруксат жөнүндө документтер керектелет.

Банктык маалымкатта мүлктүк чегерүү үчүн эмнелер болушу керек?

Алынган жана кайтарылган кредиттин суммасы жана тиешелүү жыл үчүн төлөнгөн пайыздар жөнүндө маалымат.

Иштеген жерден берилген маалымкатта эмнелер болушу керек?

Тийиштүү жыл үчүн эмгек акы, кармалган киреше салыгы жана социалдык чегерүүлөр жөнүндө маалымат.

👉🏻
Ишкер медиага катталып, салык кызматындагы жаңы өзгөрүүлөр же жагымдуу жаңылыктар тууралуу кабардар болуңуз. Кийинки маалыматты салык кызматына төлөнгөн ашыкча сумманы кантип кайтарып алууга болоору тууралуу сунуштайбыз.

Мындан тышкары окуңуз

Манастагы президенттик лицейдин курулушу 65 %га аяктады

Манастагы президенттик лицейдин курулушу 65 %га аяктады

Манас шаарында курулуп жаткан “Акылман” президенттик лицейи курулушу жаңы окуу жылына чейин аяктайт. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдуллаевдин мекемедеги иштердин жүрүшү менен таанышуусунда маалым болду. Өкүлчүлүктөн билдиргендей, билим берүү комплекси заманбап шарттары жана ири масштабы менен айырмаланат. Долбоордун жалпы баасы 2 млрд 160 млн сомду түзөт.

Баткенде “Герой” БСРи пайдаланууга берилди

Баткенде “Герой” БСРи пайдаланууга берилди

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айылында капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн “Герой” суткалык жөнгө салуу бассейни (БСР) пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бассейндин көлөмү 120 миң м³ болуп, ал Молдо Нияз айыл аймагынын Кыргыз-Кыштак айылындагы 1500 гектар жерди сугат

Чүйдө жайыттарды тебелегендерге 38,5 миң сом айып салынды

Чүйдө жайыттарды тебелегендерге 38,5 миң сом айып салынды

Чүй облусунун Кашка-Суу айылындагы Ак-Таш жайытында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө жайыттарды жана жаратылыш аймактарын бузган жарандарга жалпы 38 миң 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Аламүдүн райондук

BAKAI Mastercard’ды ишке киргизет: премиалдык саякаттар, LoungeKey жана дүйнө жүзү боюнча артыкчылыктар

BAKAI Mastercard’ды ишке киргизет: премиалдык саякаттар, LoungeKey жана дүйнө жүзү боюнча артыкчылыктар

BAKAI жаңы Mastercard карталарын, Mastercard Gold жана премиалдык Mastercard World Elite картасын ишке киргизет. Карталар кыргыз сому (KGS) жана евро (EUR) валюталарында жеткиликтүү болуп, кардарларга күнүмдүк төлөмдөр, эл аралык сатып алуулар жана дүйнө жүзү боюнча саякаттар үчүн ыңгайлуу чечимди сунуштайт. Mastercard World Elite – премиалдык деңгээлдеги комфорт Mastercard World Elite жогорку