Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов УКМКнын террордук чабуулуна кабылганын айтты
“Аю Холдинг” ишканасынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун 15-мартта жазган билдирүүсү социалдык тармактарга 22-мартта тарай баштады. Анын жакындары билдирүү жарыяланган аккаунт Абдыкеримовдун өзүнө тиешелүү экенин ырастаганын "Азаттык" жазды.
Анда Абдыкеримов ал УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков анын бизнесине “террордук чабуул жасаганын” жазган. Анын белгилешинче, бул иштер атайын кызматтын мурдагы жетекчилигинин дайындоосу менен болгон.
Абдыкеримов бул окуялардан кийин беш жолу операция болгонун, инсульт алганы жана жүрөк оорусу тууралуу жазган.
“Отуз жылдын ичинде эбегейсиз зор холдинг Компания кантип өсүп, кантип миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылды? Анан эле үч жылга жетпеген убакыт ичинде бүт баары кантип талкаланып жок болду? Мунун баары менин жашоомдогу эч качан эстен кеткис окуяларым”.
УКМК былтыр сентябрда “Аю Холдинг” ишканасынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго таандык жалпы баасы 10 млрд сомдон ашык бир катар ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекетке алынганын билдирген.
Атайын кызмат “Аю Холдинг” узак убакыт бою милдеттүү салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качып, мүлкүнүн бир бөлүгүн аффилирленген жактарга каттатып, мыйзамсыз кирешелерди адалдоо үчүн мамлекеттик органдарга жасалма финансылык отчетторду тапшырып турганы аныкталганын кабарлаган.
Өткөрүлгөн мүлктөрдүн арасында Бишкек шаарынын Токтогул №126 дарегинде жайгашкан коммерциялык имарат бар. Анын баасы 95 млн сомдон ашык деп бааланган. 4 млрд сомдон ашык акчага бааланган “АЮ Гранд” соода борбору да мамлекетке алынган. Ысык-Көлдөгү коттедждер жана бир катар имараттар бар.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ошол кезде ишкана өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлгөнүн айткан. Андан бери УКМК “Аюнун” бир нече мүлкү өкмөткө кайтарылганын кабарлаган.
“АЮ Холдинг” мындан 20 жылдан ашык мурда негизделген. Курамына 30дай ар түрдүү багытта иштеген компаниялар кирет, алардын катарында “АЮ Курулуш”, “АЮ Гранд”, “АЮ Лизинг”, “АЮ Гарант”, “Токмок булз”, “Ак сарай” жана башкалар бар. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын 17-апрелинде “Аю Холдингге” байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча “АЮ” компаниясынын директору Тыныбек Исаев баш болгон 5 кызматкерге өкүм чыгарган.
Абдыкеримовго беш берене менен айып тагылып, издөө жарыяланган.