Кыргызстанда туруктуу иштебеген жарандар пенсиясын кантип көбөйтсө болот?

Кыргызстанда туруктуу иштебеген жарандар пенсиясын кантип көбөйтсө болот?

Кыргызстандын жарандары 1996-жылдан баштап өткөрүп жиберген эмгек стажынын жылдарын ыктыярдуу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө аркылуу калыбына келтирип, келечектеги пенсиясынын көлөмүн көбөйтө алышарын Салык Сервис мамлекеттик мекемеси билдирди.

Министрлер кабинети адам иштебеген же социалдык төлөмдөрдү жүргүзбөгөн мезгилдер үчүн да камсыздандыруу стажын расмий түрдө толуктоого уруксат берди. Бул норма пенсияга чыгууга даярданып жаткан, бирок жетиштүү эмгек стажы жок жарандар үчүн өзгөчө маанилүү. Стажды калыбына келтирүү укугун Кыргызстандын жарандары, чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар пайдалана алышат. Ошондой эле иш берүүчү кызматкери үчүн төлөм киргизсе болот.
Төлөмдүн өлчөмү жашаган аймактагы орточо айлык маянанын 8%ын түзөт. Өткөрүп жиберилген мезгилдерди каалаган жылдар үчүн, 1996-жылга чейин да кошо калыбына келтирүүгө уруксат берилет. Камсыздандыруу стажындагы “бош” мезгилдерди "Түндүк" порталы аркылуу жеке кабинеттен же Социалдык фондго кайрылуу менен тактоого болот.

Стажды калыбына келтирүү процесси толугу менен санариптештирилген. Өткөн мезгилдер үчүн камсыздандыруу полисин сатып алуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:

  • cabinet.salyk.kg сайтына кирүү;
  • менюдан "Е-патент" бөлүмүн, андан кийин "Полис" пунктун тандоо;
  • "Стажды калыбына келтирүү тарифи" бөлүмүнө өтүү;
  • керектүү мезгилди көрсөтүп, төлөмдү ырастоо.

Бул чара эмгек ишмердүүлүгүндө үзгүлтүк болгон жарандарды колдоого багытталган жана аларга пенсиясынын көлөмүнө өз алдынча таасир этүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө

Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тарабынан коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоо максатында күн сайын рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын максаты белгиленген 17 сом өлчөмүндөгү жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктап, жарандардын жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат. Аталган ишкананы маалыматына караганда, рейддердин жүрүшүндө коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөргө карата тиешелүү

Ишкер Media
Коопсуздук эрежесин бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Коопсуздук эрежесин бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек башкармалыгы курулуш объектилерин текшерүүнү улантууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, көзөмөл учурунда Көкөн тар көчөсү 25, 23, 21, 19 даректериндеги 9 кабаттуу турак жай жана 7 кабаттуу админ борбордун курулушунда ченемдер жана коопсуздук талаптары сакталбаганы аныкталды. Жыйынтыгында курулушту жүргүзгөн "Байхан Строй"

Ишкер Media
Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды

Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды

Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды. Алардын 4 миңге жакыны 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирет. Мекеменин маалыматына караганда, сасык тумоо, вирустук инфекция жана коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал азырынча күтүлгөн деңгээлде сакталууда. Учурда

Ишкер Media
Бишкекте 80 млн сомго заманбап терапия корпусу ачылды

Бишкекте 80 млн сомго заманбап терапия корпусу ачылды

7-октябрда №1 шаардык клиникалык ооруканада жаңы терапия бөлүмү ачылды. Корпус "Ас-Сафа" коомдук бирикмесинин каржылоосу менен курулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө караганда, 4 кабаттуу имараттын аянты 1 530 чарчы метр. Долбоордун наркы - 80 млн сом. Жер төлөдө - лабораториялар, кир жуучу жай жана техникалык бөлмөлөр.

Ишкер Media