Кытай жаңы 10 кичи спутникти орбитага чыгарды
Кытай жаңы топтогу 10 кичи спутникти орбитага ийгиликтүү чыгарганын Кытайдын аэрокосмостук илим-техника корпорациясына таянып Интерфакс маалымдады.
Маалыматка ылайык, спутниктерди учуруу Шаньдун провинциясына караштуу Хайян шаарына жакын аймакта, деңиз платформасынан ишке ашырылды. Ар бир спутниктин салмагы болжол менен 100 кг болуп, алар 700 чакырым бийиктиктеги орбитага так жеткирилди.
Бул аппараттар глобалдык навигациялык система үчүн кызмат кылат. Алар жердеги, суудагы жана абадагы объекттердин, ошондой эле төмөнкү орбитадагы космостук аппараттардын так жайгашуусун аныктоого арналган.
Жаңы спутниктер Пекин шаарындагы Future Navigation компаниясы түзүп жаткан ири топтомдун бир бөлүгү болуп эсептелет. Жалпысынан 160 спутник орбитага чыгарылат. Эске салсак, биринчи 10 спутник 2025-жылдын январында учурулган.
Учурууда колдонулган Smart Dragon-3 ракетасы төрт баскычтуу, катуу отун менен иштеген ташуучу болуп саналат. Ал төмөнкү орбитага 1,5 тоннага чейин жүк жеткирүүгө жөндөмдүү.