Кытайда сейрек кездешүүчү металлдын ири кени табылды
Кытай геологдору өлкөнүн түштүк-батышында, Сычуань провинциясынын Маонюпин аймагында ири сейрек кездешүүчү металл кенин табышканын Кытайдын Борбордук телеканалы кабарлап, Global Times берди.
Геологиялык изилдөө учурунда дагы 9,66–9,7 млн тонна сейрек кездешүүчү металл оксиддери аныкталып, аймактагы запастар 300%га өскөнү белгиленди. Жалпы тастыкталган ресурстардын көлөмү болжол менен 10,4 млн тоннага жетти. Көлөмү боюнча бул кен дүйнөдө Баян-Обо (Ички Монголия) кенинин артынан экинчи орунду ээлейт.
Сейрек кездешүүчү металлдардан тышкары, Маонюпинде флюориттин 27,1–27,14 млн тонна жана бариттин 37,2–37,23 млн тонна запастары табылды. Флюорит — өнөр жайда фтордун негизги булагы, ал эми барит мунай өндүрүүдө колдонулат.
Кытай дүйнөлүк сейрек кездешүүчү металл базарында үстөмдүк кылат. КЭР дүйнөдөгү сйрек кездешүүчү металлдардын болжол менен 70% жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып, алардын дүйнөлүк кайра иштетүү көлөмүнүн 90% жакынын ээлейт.