МинКаб "Кыргыз спутник" ААКын түзүү тууралуу токтом кабыл алды

МинКаб "Кыргыз спутник" ААКын түзүү тууралуу токтом кабыл алды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жаңы мамлекеттик компания жаратылыш ресурстарын башкарууда космостук технологияларды колдонот жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн негизги куралы болуп калат.

"Долбоор улуттук аэрокосмостук маалыматтарды алуу жана пайдалануу системасын түзүүгө багытталган. Бул жерди пайдалануу, экологиялык мониторинг, климаттык өзгөрүүлөрдү талдоо, пайдалуу кендерди чалгындоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу тармактарында чечимдерди так жана ыкчам кабыл алууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Компаниянын негиздөөчүсү жана жалгыз акционери болуп Айыл чарба министрлиги аныкталды.

"Кыргыз спутник" инфраструктурасы Каракол шаарында өнүктүрүлөт. Бул аймактык өнүгүүгө жана жаңы технологияларды тартууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Белгиленгендей, компанияны түзүү Кыргызстанда өзүнүн космостук компетенциясын калыптандырууга жана технологиялык көз карандысыздыгын бекемдөөгө негиз салат.

Келечекте бул спутниктик маалыматтарды айыл чарбасында, суу ресурстарын башкарууда жана мамлекеттик процесстерди санариптештирүүдө кеңири колдонууга жол ачат.

"Кыргыз спутник" долбоору өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, коопсуздугуна жана инновациялык келечегине багытталган узак мөөнөттүү инвестиция катары каралууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттайбы? Эксперт эмне дейт?

Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттайбы? Эксперт эмне дейт?

Март айында дүйнөлүк мунай баалары кескин өсүп, узак убакыттан бери биринчи жолу баррелине 100 доллардан ашты. 18-мартка карата Brent маркасындагы мунайдын баасы 103 долларга жетип, айрым күндөрү 120 долларга жакындады. Баанын өсүшүнүн негизги себеби Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу болду. Анын ичинде мунай инфраструктурасына коркунучтар жана дүйнөлүк мунай соодасынын болжол менен

Кытай ички рынокто бензин менен дизелдин баасын көтөрөт

Кытай ички рынокто бензин менен дизелдин баасын көтөрөт

Кытай бийлиги өлкө ичинде бензин жана дизелдик отундун чекене баасын жогорулатканын Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, 24-марттан тартып бензиндин бир тоннасынын баасы 1 миң 160 юанга (болжол менен 168 доллар), ал эми дизелдик отун 1 миң 115 юанга (болжол менен 161 доллар) кымбаттайт.

Кыргызстандан Россияга 20,7 тонна сабиз экспорттолду

Кыргызстандан Россияга 20,7 тонна сабиз экспорттолду

Кыргызстандан Пермь крайына 20,7 тонна сабиз жеткирилип, Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл башкармалыгы тарабынан текшерүүдөн өтүп, сатууга уруксат берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жүк “Россельхознадзор” жана Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча илимий-изилдөө институту тарабынан лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүп, карантиндик зыянкечтер жок экени жана документтеринин талапка ылайык экени тастыкталды. Белгиленгендей, өткөн

Бишкекте түнкүсүн көчөлөрдү жууп-тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

Бишкекте түнкүсүн көчөлөрдү жууп-тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарында "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан көчөлөрдү жууп-тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Тазалоо иштери шаарды таза кармоо жана санитардык абалды жакшыртуу максатында уюштурулган. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, иштер түнкү саат 00:00дө башталып, таңкы саат 06:00гө чейин уланат. Бул убакыт аралыгында шаар көчөлөрүндө жалпы 46 даана суу чачуучу жана айкалышкан