Токойлорду калыбына келтирүүгө 81 млн сом грант алуу келишимине кол коюлду
Бишкекте "Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу" долбоорунун алкагында токойлорду калыбына келтирүүгө багытталган 81 млн сомдук гранттык макулдашууларга кол коюлду.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, кол коюуга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев, Токой кызматынын директорунун орун басары Талантбек Садыров жана башка тиешелүү адистер катышты.
Макулдашууларды ишке ашыруу токой ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу башкарууга, деградацияланган жерлерди калыбына келтирүүгө, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана аймактардагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт.


Бул демилге Айыл чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылып, токой ресурстарын туруктуу башкарууга, деградацияланган аймактарды калыбына келтирүүгө жана жергиликтүүлөрдүн жашоо шартын жакшыртууга багытталган.
Долбоордун алкагында 2500 гектар аянтта токойлорду калыбына келтирүү, жаңы токойлорду өстүрүү жана табигый калыбына келүү процесстерине көмөк көрсөтүү боюнча кеңири иштер пландалууда.
Белгилей кетсек, аталган иш-чаралар президент Садыр Жапаров тарабынан көтөрүлгөн "Жашыл мурас" улуттук демилгесине да шайкеш келет.