Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде ири көлөмдөгү финансылык бузуулар аныкталды
Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө 2024-жылга бюджеттин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында финансылык тартипти көзөмөлдөө жетишсиз деңгээлде болгону аныкталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынан маалымдашты.
Билдирүүгө караганда, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде жүргүзүлгөн аудиттин негизинде, жалпысынан 4 416,4 миң сом финансылык бузуулар табылып, анын 1 234,4 миң сому калыбына келтирилиши керек экени белгиленген. Текшерүү учурунда 462,2 миң сом бюджетке кайтарылган. Бузуулардын негизги бөлүгү мыйзамда каралбаган эмгек акы төлөмдөрүнө жана командировкалык чыгымдардын ашыкча эсептелишине байланыштуу болгон.
Мындан тышкары, 25 331,5 миң сомго жол-жоболук бузуулар аныкталып, эмгек акыны эсептөөдө, бухгалтердик эсеп жүргүзүүдө жана мамлекеттик сатып алууларда мыйзам талаптары сакталбаганы белгиленди. Ошондой эле айрым активдер эсепке алынбай калган, карыздар толук көрсөтүлбөгөн жана коммуналдык чыгымдар боюнча лимиттер ашыкча пайдаланылган.
Аудиттин жыйынтыгы Эсептөө палатасынын кеңешинде каралып, тиешелүү органдарга финансылык тартипти күчөтүү, бузууларды жоюу жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча тапшырмалар берилди.