С.Жапаров: Алгачкы жолу улуттук валютабызды өзүбүз басып чыгара баштадык

С.Жапаров: Алгачкы жолу улуттук валютабызды өзүбүз басып чыгара баштадык

Өлкө президенти Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчасында, кубанычтуу кабар менен бөлүштү. Президенттин айтымында өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз – сомду өзүбүз басып чыгара баштадык.

Садыр Жапаровдун билдирүүсү:

"Бүгүн - Кыргызстан үчүн тарыхый күн! Өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз – сомду өзүбүз басып чыгара баштадык. Буга чейин чет өлкөлөргө буйрутма берип, акча төлөп бастырып келген элек.Эми тескерисинче, башка мамлекеттердин акчаларын дагы буйрутма менен биз басып берүү деңгээлине чыктык. Акча чыгарууда талап кылынган шарттарды тастыктаган эл аралык тийиштүү сертификатыбыз да бар. Мындан тышкары, улуттук документтерибиз: жалпы жарандык паспорт, ID-карт паспортторду, айдоочулук күбөлүк, унаанын техпаспортун ж.б документтерди жогорку сапатта чыгарып жатабыз. Башка өлкөлөр үчүн валюта менен катар эле ар кандай мамлекеттик документтерди да басып берүүгө даярбыз. Бүгүнкү күндө бир нече мамлекеттердин буйрутмасын алып жатабыз. Колубузда сертификатыбыз тургандыктан, албетте, коргоо элементтери да жогорку деңгээлде болот. Башкача айтканда, документти жасалмалоого мүмкүн эмес. Ал эми баасы болсо жеткиликтүү болот"- деп билдирди мамлекет башчы С.Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

63 жыл асманда: 83 жаштагы стюардесса пенсияга чыкты

63 жыл асманда: 83 жаштагы стюардесса пенсияга чыкты

American Airlines компаниясынын эң тажрыйбалуу борт коштоочусу Кэрол Фэйр 83 жашында пенсияга чыкты. Ал акыркы каттамын 26-октябрда Лондондон АКШнын Түндүк Каролина штатындагы Шарлотт шаарына аткарган. Аны аэропорттон үй-бүлөсү, достору жана кесиптештери тосуп алышкан. Авиакомпания анын урматына атайын узатуу аземин жана суу салютун уюштурган. Рeople басылмасынын маалыматына ылайык, Фэйр

Ишкер Media
Баткенде 9 айда 91 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Баткенде 9 айда 91 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Баткен облусунда 2026-жылдын тогуз айында 91,67 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жол курулуш иштерине жалпы 778,3 млн сом жумшалган. Ошондой эле облуста 20 социалдык жана 4 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилген. Учурда Баткен облустук капиталдык

Ишкер Media
Улуттук банктын атынан 1% менен кредит сунуштаган шылуундар пайда болду

Улуттук банктын атынан 1% менен кредит сунуштаган шылуундар пайда болду

Кыргызстанда алдамчылар Улуттук банктын атынан жасалма сертификаттарды таратып, жарандарга жылдык 1% менен кредит сунуштап жатышат. Бул тууралуу   Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, шылуундар өздөрүн финансылык консультант катары тааныштырып, мессенджерлер аркылуу Улуттук банктын атынан даярдалган жасалма сертификаттарды жөнөтүшүүдө. Ушундан улам, Улуттук банк жарандарга түздөн-түз кредит бербей турганын

Ишкер Media
Чек ара жаңжалынан жабыркагандардын турак жай маселеси каралды

Чек ара жаңжалынан жабыркагандардын турак жай маселеси каралды

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышуунун кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу Минкабдын маалымат кызматы кабарлады. Жыйында 2021–2022-жылдары кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган жарандарды турак жай менен камсыз кылуу маселеси талкууланды. Маалыматка ылайык, мамлекеттик комиссия

Ишкер Media