Кыргызстанда калктын саны көбөйүүдө
Кыргыз Республикасынын калкынын саны 2026-жылдын 1-февралына карата 7 413,6 миң адам болду. Алардын 3668,6 миңи – эркек кишилер болсо, 3 745,0 миңи аял кишилер. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
Аймактар боюнча калк эң көп жайгашкан деп Ош облусу (1 440,2 миң), ал эми эң аз калк отурукташкан катары Талас облусу (283,1 миң) көрсөтүлгөн
