Курулуш тармагында 1,5 млрд сом финансылык мыйзам бузуу аныкталды

Курулуш тармагында 1,5 млрд сом финансылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасы тарабынан Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде, ошондой эле анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүндө 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин аткарылышына жана ишине шайкештик аудити жүргүзүлдү.

Аудиттин жыйынтыгында финансылык эсепке алууда, бюджеттик мыйзамдардын талаптарын сактоодо жана курулуш иштерин жүзөгө ашырууда бир катар олуттуу шайкеш келбестиктерге жол берилгендиги  аныкталды.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында жалпы финансылык бузуулардын суммасы 1 585 293,5 миң сомду түздү. Анын ичинде  мажбурлап өндүрүү суммаларын бюджетке өз убагында жана толук эмес чегерүү – 15 955,5 миң сом, бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн толук эмес жана кечиктирилип чегерилиши – 4 467,3 миң сом, башка булактардан каржыланууга тийиш болгон чыгымдарды бюджеттик каражаттардын эсебинен төлөө – 85 000,0 миң сом.
Мындан тышкары, каражаттарды бирдиктүү казыналык эсептен тышкары пайдалануу – 40 182,3 миң сомду, капиталдык салымдар формасындагы бюджеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тартибин сактабагандык – 7 065,2 миң сомду, курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу – 166 087,5 миң сомду, капиталдык салымдарды пайдаланууда жана курулуш иштерин аткарууда башка бузуулар – 23 459,2 миң сомду түзгөн. 
Ошондой эле кызматкерлердин эмгек акысы жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 24 035,2 миң сомду, эсепке алынбаган мүлктүн болушу 26 637,3 миң сомду, белгиленген өлчөмдөн ашык аванстык төлөмдөрдү негизсиз которуу 7 791,7 миң сомду түзгөн. Эң ири көлөмдөгү бузуулар дебитордук карыздарды эсепке алуу боюнча катталып, анын суммасы 1 169 294,1 миң сомду түзгөн.

Жалпы аныкталган 1 585 293,5 миң сом финансылык бузуулардын ичинен 349 414,9 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш болсо, аудиттин жүрүшүндө 122 191,3 миң сом же 35,0 %ы калыбына келтирилди.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунуштар жана тапшырмалар берилип, аныкталган бузууларды жоюу, финансылык тартипти чыңдоо жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү милдеттендирилди.

Мындан тышкары окуңуз

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.