"Туз" БДРи оңдолсо 2400 гектар жер сугат суусу менен камсыз болот

"Туз" БДРи оңдолсо 2400 гектар жер сугат суусу менен камсыз болот

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн Чүй облусунун Ысык-Ата районуна жазгы талаа иштеринин жүрүшү, сугат суусу боюнча пресс-тур өткөрдү.

Ысык-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бек Жекшембаевдин айтымында, райондо 60 миңден ашуун айдоо жери бар, анын ичинен 12 миң гектары кайрак жер болсо, калганы сугат жерлери болуп эсептелет.

“Бүгүнкү күндө райондо жазгы талаа иштери толук кандуу жүрүп жатат. 10 миңден ашуун гектар жерге кылкандуу дан эгиндери себилди. Жүгөрү, кант кызылчасы, жашылча жемиштер себилип жатат”, -деди Бек Жекшембаев.

Ал учурда үрөндүн, жер семирткичтин күйүүчү майлоочу майдын да жетиштүү экенин кошумчалады. Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгынын башкы инженери Уланбек Үрүстөмов БДР, БСРлердин ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Журналисттерге 2025-жылы капиталдык оңдоодон өтүп, ишке берилген “Ивановка” суу сактагычын көрсөттү. Аталган жайдын оңдоп түзөө иштери 2024-жылы башталып, 2025-жылы ишке берилген. Ага 1,2 млн. куб суу батат. Быйылкы сугат мезгилине карата аталган БДРге суу топтоо иштери жүрүп жатат. Андан соң, журналисттер “Туз” БДРинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Аталган объект жыл соңунда ишке берилет. Курулуштун куратору Мыйзам Ажиевдин айтымында, бул БДР ишке берилсе, 2400 гектар жерди сугат суусу менен камсыздоого жете турган 1,8 млн кубдан ашуун суу чогултуу мүмкүнчүлүгү түзүлөрү айтылууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.