"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди
Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады.
“Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен факты жөнүндө айтып жатат. Менин кызымдан Томми борборун тартып алдыңыз. Менин балдарымдын батир, кеңселерин тартып алдыңыз. Жыйынтыгында менин балдарым каражатсыз калып, төлөбөгөндүгү үчүн айдалып, үйлөрүнө кайтышты. Сиз балдарымды келечегинен ажыраттыңыз. Бирок, элде айтылган сөздү бузбаш керек деген нерсе бар! Балдар атасынын катасы үчүн жабыр тартпашы керек! Эне – баласынын катасы үчүн жабыр тартпашы керек!” - деп жазды.
Абдыкеримов мунун баары “жалган” эмес экенин жазып, туура эмес маалыматтар болсо бардыгы мыйзамга ылайык ачык текшерилишин талап кылган. Ошондой эле анын буга чейинки жазгандарына президент реакция кылып, текшерүү башталганын билдирген.
Азырынча Абдыкеримовдун жазгандары боюнча укук коргоо органдары жана президент Садыр Жапаров комментарий бере элек.
"Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов 28-мартта президент Садыр Жапаровго мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору - "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми молл" боюнча кайрылуу жасаган.
Ушундан кийин УКМКнын мурдагы төрагасынын уулу Таймурас Ташиев Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке каккан.