“Аю Холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштады
Президенттин администрациясы “Аю Холдинг” компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго Бишкектеги “Томми молл” соода борбору тууралуу ачык кайрылуусун териштирип баштаганын “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Акыркы жылдары Лондондо жашап жаткан Шаршенбек Абдыкеримов 28-мартта Садыр Жапаровго мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору – “Аю Гранд Комфорт” жана “Томми молл” боюнча кайрылуу жасаган. Ал бул объект төмөн баада - үч-төрт бөлмөлүү батирдин наркында бааланып, жыйынтыгында УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жубайынын айланасындагы адамдарга өтүп кеткенин жазган.
Ушундан кийин УКМКнын мурдагы төрагасынын уулу Таймурас Ташиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке каккан. Көп өтпөй буга Абдыкеримов жооп берип, ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын Фейсбук баракчасына жазган.