"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт
Министрлер кабинети "Мамлекеттик финансы холдинги" ААКсына "Автомобилист" ААКынын кредитордук карыздарын жабуу эсебинен алынган мүлктү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүнү сунуштады. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жер тилкеси менен кошо комплекстин аянты 15 миң чарчы метрден ашык болуп, ал Каракол шаарында, Ысык-Көл облусунда жайгашкан. Финансылык эмес активдердин жалпы баасы 43 млн 953 миң 570 сомду түзөт. Бул каражаттар "Автомобилист" ишканасынын кредитордук талаптарын канааттандыруунун негизинде түзүлгөн.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу брюнча мамагенттигине мүлктү мамлекеттик менчикке кабыл алуу милдети жүктөлдү. Ал эми кадастр жана транспорт каражаттарын каттоо органдарына мыйзамга ылайык менчик укугун каттоо тапшырылды.