Кыргызстандыктар үчүн Египетке кирүү эрежелери өзгөрдү

Кыргызстандыктар үчүн Египетке кирүү эрежелери өзгөрдү

Египет кыргыз жарандары үчүн жаңы кирүү талаптарын жарыялады. Ал 2026-жылдын 1-ноябрынан тарта күчүнө кирет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өзгөртүүлөр Борбордук Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан жарандарына тиешелүү.

Маалыматка ылайык, алдыда саякатты пландап жаткан кыргызстандыктар Астанадагы Египет элчилигинен же башка ыйгарым укуктуу дипломатиялык миссиядан алдын ала кирүү визасын алышы керек. Мындан тышкары, Египеттин компетенттүү коопсуздук органдарынын алдын ала макулдугу талап кылынат.

"Туристтик топтор же компаниялар аркылуу келген жарандар 16 жаштан 40 жашка чейин болуусу керек. Бул категориядагы туристтер жакын тууганы - атасы, энеси, жубайы же баласы менен бирге саякатташы керек. Ошондой эле саякатчылар жанына кеминде 3000 доллар накталай акча алып жүрүшү керек. Ар бир үй-бүлө үчүн кеминде 5000 доллар. Эгерде үй-бүлө топ менен саякаттап жүрсө, ар бир адам үчүн минималдуу накталай акча суммасы 5000 долларды түзөт.
Туристтик агенттиктер үчүн да кошумча талаптар белгиленген. Алар саякатчылардын уюлдук телефон номерлерин каттап, туристтик топтун Египетте болушу үчүн алдын ала маршрут даярдашы керек. Эгерде турист белгиленген күнү Египеттен чыгып кетпесе, компания дароо тийиштүү органдарга кабарлашы керек. Саякатчыларга туристтик визасында көрсөтүлгөн кирүү максатын өзгөртүүгө да тыюу салынат", - деп жазылат маалыматта.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды Египетке кирүү шарттарын алдын ала текшергенден кийин гана жолдомо жана башка төлөмдөрдү жүргүзүү керектигин эскертүүдө.

Ошондой эле виза талаптарына, коштоп жүрүүчү туугандардын зарылдыгына, каражаттын болушуна жана туроператордун документтерди сактоо жол-жоболоруна өзгөчө көңүл буруу сунушталат.

Тышкы иштер министрлиги саякат алдында түшүндүрмө алуу үчүн компетенттүү органдарга кайрылуу керектигин эскертет.

Астанадагы Египет элчилиги: +7 (7172) 24-18-30, +7 (7172) 28-60-67;

Элчиликтин электрондук почтасы: embassy.astana@mfa.gov.eg;

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти: 0999 312 002.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарында көмүр 6513 сомдон сатылууда

Ош шаарында көмүр 6513 сомдон сатылууда

"Кыргызкөмүр" ААКсынын түштүк филиалы Ош шаарын көмүр менен камсыздоо жана көмүр кампалары менен кызматташуу багытында иш алып барууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, көмүрдүн баасы 6513 сомду түзөт. Учурда шаардын алты дарегине жалпы 940 тонна көмүр жеткирилген. Тактап айтканда, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы Татар айылына

Ишкер Media
Кыргыз-тажик чек арасына 327,5 чакырым тосмо орнотулду

Кыргыз-тажик чек арасына 327,5 чакырым тосмо орнотулду

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын инженердик жактан жабдуу жана тосуу иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, чек ара тилкесинде жалпы 327,5 чакырым аралыкка тосмо орнотулуп, жүздөгөн чакырым талаа жолдору салынган. Учурда эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштеринин алкагында

Ишкер Media
Баткенде орточо эмгек акы 41 миң 790 сомго жетти

Баткенде орточо эмгек акы 41 миң 790 сомго жетти

Баткен облусунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында орточо эмгек акы 41 миң 790 сомго жетти. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, эмгек акы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,3 %га өскөн. Ал эми минималдык керектөө бюджети 9491 сомду түзгөн. Ошондой эле тогуз

Ишкер Media
Ички иштер министрлиги 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Ички иштер министрлиги 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Ички иштер министрлиги 2026-жылдын 9 айындагы ыкчам-кызматтык ишмердиктин жыйынтыгы чыгарылды. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун төрагалыгы алдында коллегиялык отурум өттү. Ага министрдин биринчи орун басары, орун басарлары, ички аскерлердин кол башчысы жана ички иштер органдарынын башчылары катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлайт. Күн тартибинде ички иштер органдарынын

Ишкер Media