Баткенде орточо эмгек акы 41 миң 790 сомго жетти
Баткен облусунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында орточо эмгек акы 41 миң 790 сомго жетти. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, эмгек акы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,3 %га өскөн. Ал эми минималдык керектөө бюджети 9491 сомду түзгөн.
Ошондой эле тогуз айда облустун өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 9,6 млрд сомду, айыл чарба продукциясынын көлөмү 26,7 млрд сомду түзгөн. Айыл чарбасында өсүү темпи 6,4 %га жеткен.
Рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 35,2 млрд сомго жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 6 %га өскөн. Облустагы инфляциянын деңгээли 9,9 %ды түзгөн.