Кыргыз-тажик чек арасына 327,5 чакырым тосмо орнотулду
Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын инженердик жактан жабдуу жана тосуу иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, чек ара тилкесинде жалпы 327,5 чакырым аралыкка тосмо орнотулуп, жүздөгөн чакырым талаа жолдору салынган.
Учурда эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштеринин алкагында чек ара мамычаларын орнотуу иштери уланууда.