Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Эмгек рыногунда иш берүүчүлөрдүн үстөмдүк ролу азайып, талапкерлер барган сайын иш шарттарын жана компанияларды өздөрү тандай баштаганын бизнес-чарада рекрутинг агенттигинин директору Алина Макенова билдирди.

Анын айтымында, негизги тренддердин бири — иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы күчтөрдүн тең салмактуулугунун өзгөрүшү.

"Бүгүнкү күндө кызматкерди иш берүүчү гана тандабастан, талапкер да компанияны тандайт. Ошондуктан компаниялар өздөрүн продукт катары көрсөтө баштады — иш берүүчү брендин өнүктүрүп, күчтүү адистер үчүн атаандашууда", — деди ал.

Макенованын айтымында, эмгек рыногуна Z муун чоң таасир этүүдө. Учурда жумушчулардын болжол менен 30%ын зумерлер түзсө, 2030-жылга карата алардын үлүшү 58%дан ашышы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу компаниялар кызматкерлердин жаңы талаптарына ылайыкташууга тийиш.

Бул өзгөрүүлөрдүн бир көрүнүшү — "джобхопинг" (жумушту тез-тез алмаштыруу). Мурда кызматкерлер бир компанияда орточо 3–5 жыл иштешсе, азыр, айрыкча креативдүү тармактарда, бул мөөнөт 3–6 айга чейин кыскарды.

"Кызматкерлер жумуштан кетүүдөн коркпой калышты жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө даяр. Алар тез эле өздөрүн өсүп кеттим деп эсептеп, кийинки баскычка өтүп кетишет", — деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле ал айлык акылардын деңгээли теңелип жаткан шартта компаниялар кызматкерлерди кармап калуунун жаңы ыкмаларын издөөгө мажбур болуп жатканын белгиледи. Мындай ыкмалардын бири — "эмоционалдык айлык".

Макенованын айтымында, талапкерлер эми айлыкка гана эмес, коллективдеги атмосферага, башкаруу стилине, карьералык өсүү мүмкүнчүлүктөрүнө жана ал тургай кеңсенин көрүнүшүнө да көңүл бурушат.

"Көптөр үчүн жумуш орду ыңгайлуу жана заманбап болушу маанилүү — аны социалдык тармактарда көрсөтүүгө да ылайыктуу болушу керек", — деди ал.

Эксперт ошондой эле технологиялар ыкчам өнүгүп жаткан шартта тажрыйбага караганда үйрөнө билүү жөндөмү маанилүүрөөк болуп жатканын, ошондой эле техникалык адистер үчүн да soft skills мааниси өсүп жатканын кошумчалады.

Анын айтымында, дагы бир маанилүү тренд — гиг-экономиканын өнүгүшү, башкача айтканда долбоордук негизде иштөө.

"Бардык эле кызматкерлер туруктуу график менен иштөөнү каалашпайт. Көпчүлүгү долбоордук ишти тандап, убактысын жана кирешесин ийкемдүү башкарууну артык көрүшөт", — деп жыйынтыктады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жалпы 196 гектар жер айдалды

Кыргызстанда жалпы 196 гектар жер айдалды

Өлкө боюнча учурда 196,3 миң гектар жер айдалып, план 15,7%га аткарылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,9 миң гектарга көп. Облустар арасында Баткен облусу эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, пландын 36,

Салык кызматы электрондук отчеттор боюнча окутуу өткөрдү

Салык кызматы электрондук отчеттор боюнча окутуу өткөрдү

Мамлекеттик салык кызматы КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте жер казынасын пайдалануучулар үчүн лицензияны кармоо боюнча жыйымдарга байланыштуу эсептөөлөрдү жана отчетторду электрондук түрдө тапшыруу боюнча окутуу иш-чарасын өткөрдү. Салык кызматынын маалыматына ылайык, окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга лицензияны кармоо үчүн жыйымдарды эсептөө жана төлөө тартибиндеги акыркы жаңылыктар тааныштырылды.

Парламентте "уйкудагы  15 биржаны" ойготуучу мыйзам долбоору  жактырылды

Парламентте "уйкудагы 15 биржаны" ойготуучу мыйзам долбоору жактырылды

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Товардык биржалар жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул документ 1992-жылдан бери колдонулуп келген эски мыйзамды толугу менен алмаштырууну көздөйт. Жаңы мыйзам долбоору соода аянтчаларынын иштөө тартибин, соодага катышуучуларга коюлган талаптарды жана мамлекеттик көзөмөл системасын так аныктайт. Долбоорго ылайык,

Кыргызстан менен Казакстан чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун тыгыны пайда болду

Кыргызстан менен Казакстан чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун тыгыны пайда болду

Кант шаарына жакын жайгашкан "Ак-Тилек — Автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жана "Кең-Булуң" КППсында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болгонун айдоочулар Kaktus.mediaга билдиришкен. Алардын айтымында, мындай абал бир жумадай убакыттан бери уланып жатат. "Тез бузулуучу жүктөрдү кезексиз өткөрүп жатабыз, айдоочулар өз ара түшүнүшүү менен өткөрүп