КНСтен бошотулуучу дары-дармектердин тизмесине өзгөртүү сунушталды
Күн мурун Экономика жана коммерция министрлиги дары-дармек каражаттарынын, медициналык буюмдардын жана аларды өндүрүүдө колдонулуучу чийки заттардын КНСтен бошотулуучу тизмесин жаңыртуу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Долбоордо ТН ВЭД коддорун шайкеш келтирүү, укук колдонуудагы айырмачылыктарды жоюу, дары-дармектерди аныктоодо АТХ коддорун негизги критерий катары колдонуу каралган. Ошондой эле "дары формасы жана дозасы" графасын алып салуу аркылуу жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, сунушталган өзгөртүүлөр жеңилдиктердин көлөмүн кеңейтпейт, болгону учурдагы тизмелерди тактоого багытталган.
Долбоор коомдук талкуу порталына (koomtalkuu.gov.kg, №6001) жайгаштырылып, бизнес өкүлдөрү, эксперттер жана жарандык коом талкууга катышууга чакырылды.