Кыргызстанда иш берүүчүлөр практикага басым жасаган кадрларды талап кылууда

Кыргызстанда иш берүүчүлөр практикага басым жасаган кадрларды талап кылууда

Кыргызстандагы иш берүүчүлөр кадрларды даярдоо ыкмасын кайра карап чыгуу зарылдыгын белгилешүүдө. Алар теориядан көрө ишке дароо кирише алган адистерге муктаж экенин билдиришкен. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Мындай жыйынтык аталган министрликтин Дүйнөлүк банктын колдоосу менен жүргүзгөн жаштардын эмгек рыногу боюнча изилдөөнүн жыйынтыгында белгилүү болду.

Изилдөөгө ылайык, иш берүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү практикалык даярдыкты күчөтүүнү негизги талап катары белгилешкен. Айрым аймактарда бул көрсөткүч 70–80%га жетет.

Ошондой эле окуу программаларын жаңылоо зарылдыгы айтылды. Көпчүлүк иш берүүчүлөр билим берүү мазмуну заманбап технологиялардын талаптарына жооп бербей жатканын белгилешет. Айрыкча санариптик инструменттер жана жабдуулар менен иштөө боюнча көндүмдөр жетишсиз экени айтылган.

Мындан тышкары, бизнес өкүлдөрү билим берүү тармагы менен кызматташууга даяр экенин билдиришип, кадрларды даярдоо процессине катышууну колдошууда.

Бул шартта министрлик Дүйнөлүк банктын колдоосу менен "Жаштар стажировкасы" программасын ишке ашырууда. Программа 16 жаштан 35 жашка чейинки жаштарга алгачкы иш тажрыйбасын алууга мүмкүнчүлүк берет.

Программа өлкөнүн 30 пилоттук шаар жана райондорунда иштеп жатат.

Стажёрлорду тартууну каалаган иш берүүчүлөр төмөнкү шилтеме аркылуу арыз бере алышат: https://docs.google.com/.../1FAIpQLSd8meHVll2.../viewform...

Стажировкадан өтүп, алгачкы иш тажрыйбасын алууну каалаган жаштар бул жерден каттала алышат: https://docs.google.com/.../1FAIpQLSd1TDD4sw3.../viewform...

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу