Кыргызстанга инвестиция тартуу маселеси эл аралык деңгээлде талкууланды

Кыргызстанга инвестиция тартуу маселеси эл аралык деңгээлде талкууланды

Кечээ Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "Alpac Capital" компаниясынын башкы директору Педру Варгас Давид жана компаниянын инвестициялар боюнча директору Питер Ваджай менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстанга инвестиция тартуу жана артыкчылыктуу тармактарда долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Равшанбек Сабиров өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана инвесторлорго көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик колдоо чараларын тааныштырды. Ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагындагы стратегиялык долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Кыргызстан инвестиция үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында иштерди улантып, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар.

Мындан тышкары окуңуз

Адал индустрияны жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Адал индустрияны жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору адал индустрия жаатындагы ченемдерди белгилөө жана өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Жыйында бир катар маселелер

КНСтен бошотулуучу дары-дармектердин тизмесине өзгөртүү сунушталды

КНСтен бошотулуучу дары-дармектердин тизмесине өзгөртүү сунушталды

Күн мурун Экономика жана коммерция министрлиги дары-дармек каражаттарынын, медициналык буюмдардын жана аларды өндүрүүдө колдонулуучу чийки заттардын КНСтен бошотулуучу тизмесин жаңыртуу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Долбоордо ТН ВЭД коддорун шайкеш келтирүү, укук колдонуудагы айырмачылыктарды жоюу, дары-дармектерди аныктоодо АТХ коддорун негизги критерий катары колдонуу каралган. Ошондой

Кыргызстанда автоунааларды онлайн каттоо убактылуу киргизилди

Кыргызстанда автоунааларды онлайн каттоо убактылуу киргизилди

Президент Садыр Жапаров транспорт каражаттарын жана аларга менчик укуктарын онлайн режиминде мамлекеттик каттоону киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин автоунаалардын айрым категорияларын онлайн форматта каттоо боюнча убактылуу укуктук жөнгө салуу киргизилет. Бул чара айдоочулук курамды каттоо системасын тартипке келтирүү, транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнү жакшыртуу

Бишкекте 146 млн сомдук жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкекте 146 млн сомдук жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, Бишкек шаардык мэриясы муниципалдык жер тилкесин пайдаланууга берүүдө мыйзам талаптарын одоно бузганы белгилүү болгон. Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде Көк-Жар кичи районунун И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан 0,63