Адал индустрияны жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Адал индустрияны жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору адал индустрия жаатындагы ченемдерди белгилөө жана өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Жыйында бир катар маселелер да көтөрүлдү. Депутат Эльвира Сурабалдиева ветеринардык адистерди даярдоо жана бул тармакка кадрларды тартуу зарылдыгын белгиледи. Ал эми Кубанычбек Самаков эпизоотиялык абал боюнча тынчсыздануусун билдирип, алдын алуу иштерин күчөтүүгө чакырды.

Ошондой эле депутат Улугбек Ормонов ветеринардык дары-дармектердин сапатына көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти

Ошто жаңы чек ара посту жана кызматтык үй ачылды

Жалал-Абаддагы алмашуу бюросуна 55 миң сом айып пул салынды

Чаткал районунан 10 мыкты окуучу Кытайга таанышуу сапарына жөнөп кетти