"Орто-Сай" базарында баалар текшерилип, мыйзам бузуулар аныкталды
Күн мурун Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарында социалдык маанидеги азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Мониторингге кызматтын аймактык бөлүмүнүн башчысы катышып, баа кырдаалы жана баа түзүү тартибинин сакталышы менен жеринде таанышты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө негизги азык-түлүк товарларына баа коюу талаптарынын сакталышы көзөмөлгө алынды. Натыйжада мыйзам талаптарын бузуу фактылары аныкталып, укук бузуучуларга карата айып пулдар салынды.
Мындан тышкары, соода субъектилерине баа түзүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы баалардын туруктуулугун камсыздоо максатында мындай мониторингдерди мындан ары да улантат.


