Тажикстан президенти өлкөдө азык-түлүк быйыл кескин кымбаттай турганын билдирди
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон быйыл азык-түлүктүн баасы мурда болуп көрбөгөндөй өсүшү мүмкүн экенин эскерткенин "Озоди" радиосу маалымдаганын "Азаттык" жазды.
30-мартта ал адистердин анализине таянып, акыркы учурда дүйнөдө болуп жаткан окуялардын, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн жана анын терс кесепеттеринин натыйжасында азык-түлүк баалары олуттуу өсүшү мүмкүн экенин билдирди.
Рахмон калкты айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана базарды азык-түлүк менен камсыздоого, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө үчүн аракет кылууга чакырды.
Бул контекстте президент "сууну жана ар бир карыш жерди сарамжалдуу пайдалануунун" маанилүүлүгүн белгиледи.
Президенттин мындай билдирүүсүнө чейин айрым дыйкандар нааразылыгын айтышкан эле. Алар бийлик дыйкандардын эгиндерин жок кылып, пахта өстүрүүгө мажбурлап жатканын билдиришкен.
Ушул жылдын январь айында Тажикстандын айыл чарба министри айрым шаарларда жана райондордо буудай эгиндери жок кылынган учурлар жана пахта өстүрүүгө мажбурлоо фактылары бар экенин айтып, буга каршы экенин билдирген.