Быйыл Кыргызстан көлдөрүнө 30 миллиондон ашык чабак коё берилет
Быйыл Ысык-Көлгө 2 млн 700 миңден ашык балык чабактары коё берилгенин Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, мында форель жана сига-лудога балык чабактары коё берилген.
"Учурда балыктандыруу иш-чаралары жүрүп жатат. Ысык-Көлдөн тышкары, Соң-Көлгө 4 миллиондон ашык балык чабактары коё берилди. Ошондой эле 2 миллионго жакын чабактар Орто-Токой суу сактагычына коё берилген. Жыл сайын кыш мезгилинде Ысык-Көл форели, сига-лудога балык чабактарын коё берсек, жаз, жай убактарында карп жана сазан балыктарынын чабактарын коё беребиз", - деди ал.
Белгилей кетсек, 2025-жылы көлдөргө жалпы 29 миллиондон ашык балык чабактары коё берилсе, быйыл бул көрсөткүчтү 30 миллиондон ашыруу планы коюлган.