Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал

Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал

Кыргызстанда 2026-жылы туризм тармагынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизе турган масштабдуу иш-чаралар өтөт. Негизги окуялардын бири учурда кызуу даярдык жүрүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, дүйнөдөгү кырдаалга карабастан, Кыргызстанга чет элдик туристтердин агымы көбөйөт деп болжолдонууда.

“Ушуга байланыштуу биз туристтик мезгилге кызуу даярданып жатабыз. Инфраструктураны жана тейлөө сапатын жакшыртуу, көрсөтүлүүчү кызматтардын деңгээлин жогорулатуу боюнча иш алып баруудабыз”, -деп белгиледи департаменттин директору.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республикага келген туристтердин саны 10 миллиондон ашкан. Үстүбүздөгү жылы бул көрсөткүч кеминде дагы 10%га өсөт деген божомол бар.

Мындан тышкары окуңуз

Улуу Жибек жолу поезди менен Европадан, АКШдан 60тан ашуун турист Бишкекке келди

Улуу Жибек жолу поезди менен Европадан, АКШдан 60тан ашуун турист Бишкекке келди

Бишкек шаарына Германиянын туроператору Lernidee Erlebnisreisen GmbH уюштурган эл аралык туристтик поезд келди. Поезд Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу өткөн Улуу Жибек жолу багыты менен жүрөт. "Кыргыз темир жолунун" маалыматына ылайык, поезд 6-апрелде "Бишкек-2" темир жол бекетине келип токтоду. Анын курамында 12 ыңгайлуу вагон бар. Поездде Батыш

Камсыздандыруу рыногунда бирдиктүү мамлекеттик реестр киргизилет

Камсыздандыруу рыногунда бирдиктүү мамлекеттик реестр киргизилет

2026-жылдын 3-апрелинде КРнын Министрлер Кабинети тарабынан №219 токтом кабыл алынып, актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби бекитилди. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан кабарлашты. Жаңы ченемдик укуктук акт камсыздандыруу рыногун жөнгө салууну жакшыртууга, анын ачыктыгын жогорулатууга жана тармактагы кесипкөй катышуучулардын ишине мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө

Таласта эт баасын жогорулаткан соода түйүндөрүнө айып салынды

Таласта эт баасын жогорулаткан соода түйүндөрүнө айып салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча мониторинг жүргүздү. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, текшерүү 2026-жылдын 3-апрелинде өткөрүлүп, ага жергиликтүү бийлик, салык кызматы, ички иштер органдары жана ЖМК өкүлдөрү катышты. Мониторинг Талас шаарынын борбордук базарынын аймагында, ошондой эле "Алтын Казык" жана "

Аламүдүндө уруксатсыз иштеген объектилер жабылды

Аламүдүндө уруксатсыз иштеген объектилер жабылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы Аламүдүн районундагы курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Пландан тышкаркы текшерүүнүн жүрүшүндө шаар куруу мыйзамдарынын талаптары жана уруксат берүүчү документтердин бар-жогу каралды. Жыйынтыгында “Күмүш Булак” эс алуу жайы жана “Таш-Дөбө Форель” коомдук тамактануу жайы