Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 72 чакырымы асфальтталды
Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу автожолун куруу жана жаңылоо иштери уланууда. Жалпы узундугу 138 чакырымды түзгөн жолдун 72 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады.
Маалым болгондой, учурда жолдун 54,4 чакырымында курулуш иштери жүрүүдө. Анын 24,5 чакырымында жер иштери толук аяктап, асфальт төшөө башталган. Бүгүнкү күнгө карата 6 чакырым жол асфальтталды.
Мындан тышкары, кооптуу тилкелерге темир-бетон тосмолор орнотулуп, суу жана сел өткөрүүчү түтүктөр коюлууда. Жолдун 75-, 86- жана 107-чакырымдарында атайын техникаларды сактоочу үч ангар курулуп, пайдаланууга даярдалды.
Ошондой эле жолдун 83-чакырымында курулушту асфальт менен үзгүлтүксүз камсыз кылуучу асфальт-бетон заводу иштеп жатат.
Аталган жолдун жаңыланышы Алайкуу өрөөнүнүн тургундарынын каттамын жеңилдетүүгө, транспорттук байланышты жакшыртууга жана жол коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.