7-8-ноябрдагы майрам күндөр - дем алышка туш келди: кызматкерлер кандай иштейт?
Кыргызстанда 7–8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү. Бул күндөр мамлекеттик майрам болгону менен, мыйзам боюнча жумуш күндөрү болуп эсептелет. Бул тууралуу Социалдык-эмгек мамилелерин изилдөө борборунан (ЦИСТО) билдиришти.
Борбордун түшүндүрмөсүнө ылайык, жумасына беш күн иштеген кызматкерлер үчүн 7–8-ноябрь кадимки дем алыш күндөрү болот.
Ал эми алты күндүк иш тартиби менен иштегендер үчүн 7-ноябрь жумуш күнү болуп эсептелет. Ошондой эле вахталык ыкмада жана нөөмөттүк график менен иштеген кызматкерлер белгиленген иш тартибине ылайык эмгектенишет.
Бул күндөрү иштеген кызматкерлерге эмгек акы кадимки өлчөмдө төлөнөт. Бирок Эмгек кодексине ылайык, майрам күнүндөгү жумуш убактысы бир саатка кыскартылышы керек.
“Эгер иштин өзгөчөлүгүнө байланыштуу жумуш убактысын кыскартууга мүмкүн болбосо, ашыкча иштеген бир саат үчүн кошумча эс алуу убактысы берилет же кызматкердин макулдугу менен ашыкча иштеген убакыт катары акы төлөнөт” – дейт билдирүүдө.