Нарында 146,7 чакырым жолго асфальт төшөлдү
2026-жылдын багынан бери Нарын облусунда 146,7 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Ал эми былтыр бул көрсөткүч 96,2 чакырымды түзгөн. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин катышуусунда аталган аймактагы жол тармагында аткарылган иштер каралган жыйында айтылды.
Маалыматка ылайык, быйыл титулдук тизменин негизинде бир катар жолдор асфальтталды.
Мындан тышкары, жолугушууда жолдордун абалын жакшыртуу жана алдыдагы иштерди пландоо маселелерине көңүл бурулду.
"Жол оңдолуп бүтсө, жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу каттам түзүлүп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү болот", - деп айтылат маалыматта.