"Кыргызалтынга" Таластагы Андаш кенин иштетүүгө укук берилди

"Кыргызалтынга" Таластагы Андаш кенин иштетүүгө укук берилди

Министрлер Кабинети 2026-жылдын 26-мартындагы №198-т тескемеси менен "Кыргызалтын" ААКына Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Андаш кенинин №1 рудалык алтын жана жез казып алуу үчүн жер казынасын пайдалануу укугун берди.

Документке ылайык, бөлүнгөн участоктун аянты 400 гектарды түзөт.

Кенди иштетүүнү баштоого чейин "Кыргызалтынга" Кыргызстандын "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамынын талаптарын сактоо сунушталды.

Тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө милдети Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөлдү.

Андаш кени — бул Талас облусунда жайгашкан алтын-жез кени. Анын чалгындалган кору болжол менен 17,6 млн тонна руданы түзүп, анын курамында 19,6 тоннадай алтын жана жез бар. Бул долбоор мурда Kentor Gold тарабынан иштелип чыккан. Кийин жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам компания кенди сатуу ниетин билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Аламүдүндө уруксатсыз иштеген объектилер жабылды

Аламүдүндө уруксатсыз иштеген объектилер жабылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы Аламүдүн районундагы курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Пландан тышкаркы текшерүүнүн жүрүшүндө шаар куруу мыйзамдарынын талаптары жана уруксат берүүчү документтердин бар-жогу каралды. Жыйынтыгында “Күмүш Булак” эс алуу жайы жана “Таш-Дөбө Форель” коомдук тамактануу жайы

Кыргызстанда басылып чыккан улуттук валюта качан жүгүртүүгө чыгарылат?

Кыргызстанда басылып чыккан улуттук валюта качан жүгүртүүгө чыгарылат?

Кыргызстанда улуттук валюта, сомду өз аймагында чыгаруу иштери активдүү жүргүзүлүүдө. КРнын Улуттук банкынан маалыматына караганда, бул аракет КРнын Президенти Садыр Жапаров тарабынан берилген банкнотторду өлкө ичинде даярдоо боюнча буйругун аткаруу алкагында жүзөгө ашырылууда. Улуттук банк учурда жаңы банкнотторду чыгарууга байланышкан бардык уюштуруу жана техникалык иштерди жүргүзүп жатат. Ал эми жаңы

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулуп бүттү

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулуп бүттү

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектептин курулушу аяктады. Учурда объекттин айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Жаңы мектеп мамлекеттик бюджеттин эсебинен заманбап талаптарга ылайык, ири панелдүү типте курулду. Имаратта кең окуу класстары, лаборатория, эмгек кабинеттери, дарыгердин бөлмөсү, информатика классы, китепкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.

Республикалык тестирлөөгө дээрлик 57 миң абитуриент катталды

Республикалык тестирлөөгө дээрлик 57 миң абитуриент катталды

Кыргызстанда 56 миң 861 абитуриент Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) сынагына ийгиликтүү катталганын Билим берүүнү баалоо жана окутуу методдору борбору билдирди. Арыздар системасынын маалыматына ылайык, жалпы берилген арыздардын саны 65 миң 389ду түздү. Анын ичинен: * кыргыз тилинде — 36 миң 289 катышуучу; * орус тилинде — 29,1 миң катышуучу. Мындан тышкары: * 7 миң