Кыргызстанда басылып чыккан улуттук валюта качан жүгүртүүгө чыгарылат?

Кыргызстанда басылып чыккан улуттук валюта качан жүгүртүүгө чыгарылат?

Кыргызстанда улуттук валюта, сомду өз аймагында чыгаруу иштери активдүү жүргүзүлүүдө. КРнын Улуттук банкынан маалыматына караганда, бул аракет КРнын Президенти Садыр Жапаров тарабынан берилген банкнотторду өлкө ичинде даярдоо боюнча буйругун аткаруу алкагында жүзөгө ашырылууда.

Улуттук банк учурда жаңы банкнотторду чыгарууга байланышкан бардык уюштуруу жана техникалык иштерди жүргүзүп жатат. Ал эми жаңы акчалардын сапаты, коопсуздук деңгээли, коргоо элементтери жана жүгүртүүгө чыгаруу тартиби тууралуу толук маалымат банкноттор жүгүртүүгө чыккан кезде гана коомчулукка маалым болоорун Улуттук банктан кабарлашты.

Эске салсак, ушул жылдын 27-мартында Президент Садыр Жапаров жеке баракчасы аркылуу "бул күн Кыргызстан үчүн тарыхый күн” экенин белгилеп, алгачкы жолу улуттук валютабыз өзүбүздө басылып чыкканын жарыялаган. Өлкө башчынын билдирүүсүнө караганда,  колубузда тийиштүү сертификат бар болгондуктан акчанын коргоо элементтери да жогорку деңгээлде болуп, аны жасалмалоого мүмкүн болбойт.

Буга чейин кыргыз сому чет өлкөдө гана басылып келген.   

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган. Ичинде заманбап

Ишкер Media
“Ак-Жол” пунктунда товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюлду

“Ак-Жол” пунктунда товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Ак-Жол” товарларды эсепке алуу пунктунда мамлекеттик чек ара аркылуу эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу тталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө 4 миң 100 даана товар Казакстандан Кыргызстандын аймагына тиешелүү коштомо документтери жок ташылып келгени аныкталды. Товарларды

Ишкер Media
“Кызмат” мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи дайындалды

“Кызмат” мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи дайындалды

Президенттин иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Азамат Жапаров иштен кетип, анын ордуна Нургазы Атканов жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, буга чейин мекемени жетектеп келген Азамат Жапаров башка кызматка дайындалганына байланыштуу директорлук кызматынан бошотулду жана “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору болуп

Ишкер Media
ИИМ жол кыймылына жаңы программа сунуштоодо

ИИМ жол кыймылына жаңы программа сунуштоодо

Ички иштер министрлиги жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу 2030-жылга чейинки жаңы программаны сунуштоодо. Коомдук талкууга чыгарылган документ жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтууга, өлүмдүн деңгээлин төмөндөтүп, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталганы белгиленген. "Кыргызстанда жети айда жол кырсыгынан 464 адам каза болду. Ал эми 2025-жылы 8456

Ишкер Media