Новопавловка айылында 3 млн сомдук маркаланбаган мотор майы кармалды
Бишкек шаарынын Ленин районунун Новопавловка айылындагы рейдде акциздик маркасы жок мотор майларын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүдө маркаланбаган ар кандай идиштердеги 294 даана мотор майы табылды. Продукциянын жалпы көлөмү 10 миң 824 литр болуп, жалпы суммасы болжол менен 3 млн сомду түздү.


Учурда бул факты боюнча тиешелүү процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Алардын жыйынтыгы боюнча материалдар КР мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.