Бишкекте корей маданиятынын жана улуттук ашканасынын фестивалы өтөт
7-ноябрда саат Курманжан датканын эстелигинин жанындагы сейилдөө аллеясында “Кимчи” аталышындагы фестиваль өтөт. Иш-чараны Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурууда.
Шаардык мэриянын маалыматына караганда, фестивалдын максаты — борбор калаанын тургундарын жана конокторун Кореянын каада-салттары, маданияты жана улуттук ашканасы менен тааныштыруу болуп саналат. Ошондой эле Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо каралган.
Фестивалдын жүрүшүндө конокторду корей ашканасынын эң белгилүү салттуу тамактарынын бири болгон кимчинин даамын татып көрүү, аны даярдоо боюнча чеберлер-классына катышуу жана корей элинин салттуу кийими — ханбокту кийип көрүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлөт.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун фестивалга катышып, Корея Республикасынын бай маданияты жана каада-салттары менен жакындан таанышуу чакырат.