Кыргызстандагы камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлер акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет
Кыргызстандын камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлери акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет. Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ менен камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби бекитилип, актуарийлер жана камсыздандыруу брокерлери үчүн милдеттүү каттоо киргизилет. Бул каттоосуз өлкө аймагында иш жүргүзүү мыйзамсыз болуп калат.
Реестрге киргизүү үчүн белгиленген төлөмдөр каралган. Каттоодон өтүү же кайра катталуу үчүн бир жолку төлөм 10 эсептик көрсөткүчтү (1 миң сом) түзөт. Ошондой эле, рыноктун кесипкөй катышуучулары мамлекеттик маалымат базасындагы маалыматтарды актуалдуу кармап туруу үчүн жыл сайын ушундай эле өлчөмдө төлөм жүргүзүшү керек.
Актуарий каза болгон учурда, компания жоюлганда же бир жыл ичинде ишмердүүлүк жүргүзүлбөсө, каттоо жокко чыгарылат. Мындан тышкары, профилдик мыйзамдарды үч жолу бузуу да реестрден чыгарууга негиз болот.