Финансылык мыйзам бузуу боюнча камалган Улан Уезбаев үй камагына чыгарылды

Финансылык мыйзам бузуу боюнча камалган Улан Уезбаев үй камагына чыгарылды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Бишкек мэриясынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин мурдагы директору Улан Уезбаев боюнча бөгөт чарасын өзгөрткөнүн Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-апрелде райондук сот Уезбаевди камактан бошотуп, ага карата үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган.

Эске салсак, 2025-жылдын март айында козголгон кылмыш ишинин алкагында транспорт департаментинин кызмат адамдары жол кыймылын автоматташтырылган башкаруу системасын (АСУДД) ишке ашырууда техникалык-экономикалык негиздеме даярдабастан жана светофор объекттерин толук иштеп чыкпастан, чет өлкөлүк компания менен түз сатып алуу жолу аркылуу келишим түзгөнү аныкталган.

Келишимдин суммасы 128 млн сомду түзүп, ал 21 кесилишке тиешелүү болгон (Байтик Баатыр көчөсү боюнча Күрөңкеев көчөсүнөн А. Токомбаев көчөсүнө чейин жана А. Токомбаев көчөсүнөн Жетикашкаева көчөсүнө чейин жайгашкан светофор объекттери).

Ошол учурда мурдагы транспорт департаментинин директору Улан Уезбаев жана "Жол-транспорттук инфраструктура муниципалдык ишканасы" ишканасынын мурдагы директору Ренат Султамамытов кармалган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media