Бишкекте 400гө жакын лифттин кызмат мөөнөтү эбак өтүп кеткен – Р.Алиев

Бишкекте 400гө жакын лифттин кызмат мөөнөтү эбак өтүп кеткен – Р.Алиев

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясы 8-апрелде Аламедин-1 кичи районундагы кооперативдердин өкүлдөрүнүн кайрылуусун карады. Кайрылуу көп кабаттуу үйлөрдөгү лифт жабдууларынын абдан эскиришине байланыштуу болгон.

10 үйдүн кызыкчылыгын коргогон Татьяна Горкинанын айтымында, 1979-жылы пайдаланууга берилген үйлөрдөгү лифттер 25 жылдык нормативдик мөөнөтүнө карабастан, 45 жылдан ашык убакыттан бери колдонулуп келет.

Жыл сайын тургундардан болжол менен 800 миң сом чогултулат, анын ичинен 500 миң сомго жакыны жеке компания тарабынан лифттерди тейлөөгө кетет. Мындай шартта жаңы жабдууга акча топтоо мүмкүн эмес: жылына 300 миң сомдон бөлүнсө да, керектүү сумма ондогон жылдарда гана чогулат. Мындан тышкары, тургундардын 44%ы пенсионерлер болгондуктан, тарифтерди жогорулатуу да кыйын.

Вице-мэр Рамис Алиев "Бишкекгшаарлифт" ишканасында бир катар көйгөйлөр бар экенин ырастады.

Учурда ишкананын тейлөөсүндө болжол менен 900 лифт бар. Анын жарымы муниципалдык, калган бөлүгү башка (жеке же ТСЖ) лифттер. Лифттин кызмат мөөнөтү — 25 жыл.
"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 400гө жакын лифттин кызмат мөөнөтү өтүп кеткен. Алардын арасында 47 жыл иштегендери да бар. Мэрия жыл сайын лифттерди алмаштыруу планына 100гө жакын лифтти киргизет. Бул жылы 93 лифт каралган. Биз бекитилген план боюнча иштеп жатабыз.

Азыр “башка” лифттер маселеси курчуп турат. Ушундай темп менен жүрсөк, 3–4 жылда муниципалдык лифттер боюнча маселе чечилет, бирок башкалары боюнча көйгөй кала берет. Ошондуктан Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, “башка лифттер” категориясындагы үйлөр “Бишкекшаарлифтке” кайрылып, аларды муниципалдык лифттер категориясына өткөрүп, алмаштыруу тизмесине киргизсе болот",-дейт вице-мэр.

Муниципалдык үйлөрдөгү лифттерди алмаштыруу толугу менен шаар тарабынан каржыланат, ал эми тургундар чарчы метрине 8 сом 31 тыйын тариф төлөшөт.

Мындан тышкары окуңуз

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы

Бишкекте рейд учурунда 30дан ашык унаа айып короого жеткирилди

Бишкекте рейд учурунда 30дан ашык унаа айып короого жеткирилди

Бүгүн саат 06:00дөн 09:00гө чейин Бишкек шаарында туура эмес токтотулган унааларды аныктоо жана тартипке келтирүү максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чарага шаар мэриясынын төрт административдик районунун өкүлдөрү, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, Жол кайгуул кызматы, Муниципалдык инспекция жана “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасынын эвакуатор

Тоо текени, эликти мыйзамсыз атууга айып пул жогорулатылды

Тоо текени, эликти мыйзамсыз атууга айып пул жогорулатылды

Кыргызстанда жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн айып пулдардын өлчөмү жаңыртылды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Өкмөттүн "Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумия камтыган минералдык чийки затка жана козу карындарга юридикалык жана жеке жактар тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмдөрүн эсептөө боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтомуна

Президент асыл тукум мал чарбачылыгы жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент асыл тукум мал чарбачылыгы жөнүндө мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасында мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө" мыйзамына кол коюлганын президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирди. Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 4-мартында кабыл алынган. Мыйзамды кабыл алуунун негизги максаты — асыл тукум мал чарбасын мындан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана ушул тармактагы мыйзамдарды өркүндөтүү