КРнын Эсептөө палатасынын аудиторлорунун саны кыскарып, жаңы 3 аудит дайындалды
Жогорку Кеңештин депутаты, Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев бүгүн пленардык жыйындын жүрүшүндө Эсептөө палатасынын 6 аудитору кызматтан бошотулгандыгын маалымдады.
Анын айтымында, эми парламент 3 аудиторду шайлай алат, анын ичинен: 1 аудитор президенттин сунушу менен, 2 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сунушталат. Ал эми буга чейин иштеп жаткан алты аудитордон - кызмат ордунан бошотуу боюнча арыздары келип түшкөн.
Ага ылайык, Алимжан Байгазаков, Уран Жумагулов, Жузупбек Нурматов, Алмаз Турдумалиев, Азамат Раматилаев жана Пардаали Батировдор ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду.
КРнын Президентинин жана Министрлер кабинетинин ЖКги туруктуу өкулу Бектур Зулпиев Эсептөө палатасынын аудитин шайлоо жөнүндө баяндама жасап, президент тарабынан шайлана турган 1 өкүл тууралуу маалымдады. Ал КРнын Президентинин сунушу боюнча, КРнын Эсептөө палатасынын аудиторы катары Байказаков Алимжандын талапкерлигин сунуштап, ЖКтен колдоо тапты.
Ошондой эле, ЖК тарабынан Эсептөө палатасына калган 2 аудиттик кызматка талапкерлер - Алмазбек Акматов жана Зарылбек Сатаевдер сунушталды. Бул сунуш дагы ЖКтин депутаттарынын электрондук добуш берүүсүнүн натыйжасында бир добуштан колдоо тапты жана Эсептөө палатасынын 3 аудити тең - ЖКтин алдында ант беришти.


