Үч айда транспорттук көзөмөлдөн бюджетке 70 млн сомго жакын каражат түштү

Үч айда транспорттук көзөмөлдөн бюджетке 70 млн сомго жакын каражат түштү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Транспорт департаменти тарабынан 2026-жылдын биринчи үч айында транспорттук көзөмөл иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, транспорттук көзөмөл пункттарында жана станциялык курулмаларда жүргүнчү жана жүк ташуучу жалпы 189 396 автоунаа текшерилген.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында транспорттук мыйзамдардын талаптарын бузуу фактылары боюнча 2 609 протокол түзүлүп, жалпысынан 3 млн 562 миң 500 сом айып пул салынган.

Анын ичинен салмак-габариттик ченемдерди сактабагандыгы үчүн 998 протокол түзүлүп, 17 млн 465 миң сом айып пул, ал эми эл аралык жүк ташуу эрежелерин бузгандыгы үчүн 143 протокол түзүлүп, 2 млн 860 миң сом айып пул салынган.

Мындан тышкары, салмак-габариттик өлчөмдөрдү ченөөдөн 2 млн 557 миң 635 сом, бөлүнгүс ири көлөмдүү жана оор жүктөрдү ташууга берилген атайын уруксаттардан 36 млн 791 миң 392 сом, көп жолу колдонулуучу атайын уруксаттардан 1 млн 114 миң 281 сом жыйым түшкөн.

Жалпысынан транспорттук көзөмөлдүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 69 млн 313 миң 151 сом каражат түшкөн.

Белгилей кетсек, учурда Транспорт департаменти 21 транспорттук көзөмөл пунктунда салмак-габариттик көзөмөл жүргүзүүдө. Мындан тышкары, текшерүүлөр мобилдик топтор аркылуу да ишке ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө ичүүчү суу кызматтарынын тарифтери кайра каралды

Чүйдө ичүүчү суу кызматтарынын тарифтери кайра каралды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомуна ылайык, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү тарабынан ОсОО "Маркетинг Сервис" ишканасы көрсөткөн кызматтардын тарифтери каралды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык, борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу кызматтары

Манас шаарында 375 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат

Манас шаарында 375 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Манас шаарында 6 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Алардын бири Көк-Арт муниципалдык аймактык башкаруусуна караштуу Ак-Тилек кичи шаарчасында 375 орунга ылайыкталган мектеп болуп саналат. Долбоорго ылайык, мектептин имаратынын жалпы аянты 4200 чарчы метрди түзүп,

Баткендеги Кара-Булак айылында ичүүчү суу системасы жаңыланууда

Баткендеги Кара-Булак айылында ичүүчү суу системасы жаңыланууда

Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылында “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ичүүчү суу системасын куруу иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, айылдагы суу системасы 1950-жылы курулуп, тоо булактарынан өз агымы менен келген суу аркылуу иштеп келген. Бирок 70 жылдан

Кыргызстанда ФАОнун 35 млн долларлык долбоорлору ишке ашууда

Кыргызстанда ФАОнун 35 млн долларлык долбоорлору ишке ашууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбеков ФАО уюмунун Башкы директору Олег Таджмаматович менен жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө министр агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу багытында көп жылдык стратегиялык кызматташтык үчүн ФАО